Үстүбүздөгү жылдын 20-21-декабрында Бишкек шаарында Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик Курултай өтөт. Учурда кызуу даярдыктар жүрүүдө. Бишкек жана Ош шаарларында, 14 облустук маанидеги, 17 райондук маанидеги шаарларда, ошондой эле 231 айыл аймактарда жыйындар өтүп, делегаттар шайланды.
Президенттин жарлыгына ылайык, Элдик Курултайга 1074 делегат катышары күтүлүүдө. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн ведомстволук жетекчилери катышат.
Тарыхка кайрылсак, кыргыздар негизинен көчмөн калк болгондуктан көпчүлүк мезгилде мамлекеттик туруктуу бийлик органы болгон эмес. Бирок, биздин ата-бабаларыбыз ар кыл маселелер боюнча курултайларды өткөрүп келишкен. Курултайды өткөрүүдө күн тартибинде карала турган маселелерди алдын-ала айтышып, аны өз аймактарында талкуулоого үч ай мөөнөт берген. Үч айдан кийин уруунун өкүлү катары курултайга келген адамдар күн тартибиндеги маселени гана талкуулашып, чечим чыгарган. Курултайга каралган маселе боюнча даярдыгы бар, билген адамдар гана катышкан. Талкуулардын негизинде эрежелер келип чыккан. Кыргыздар Элдик Курултайдын негизинде мыйзамдарды, эрежелерди кабыл алышып, калк ичиндеги, эл аралык маселелерди чечкен жана ар кандай чарбалык, турмуш-тиричиликке тиешеси бар иштерди караган.
Эгемендик алгандан бери саясий кызыкчылыкта курултайды ар кимиси ар кандай пайдаланып келди. Бийлик жана оппозиция өткөргөн курултайларга күбө болгонбуз. 2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, анын 7, 70, 85, 96-беренелерине Элдик Курултай жөнүндө жоболор киргизилген жана анын макамы, функциясы аныкталган. Конституциянын 7-беренесинин 1-пунктунда Элдик Курултай коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп жазылып турат. Демек, Элдик Курултай институтунун макамын аныктаганда ал жарандык коомдун жыйыны болот.
Элдик Курултайдын негизги милдеттеринин бири – мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана сунуштарды берүү. Бул бийликти кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, элдин саясий процесстерге катышуусун күчөтүү жана тең салмактуулук системасын түзөт. Жарандарга өз өкүлдөрү аркылуу чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышууга мүмкүндүк берет. Бул түз демократиянын идеяларын чагылдырат. Келечекте Курултай Кыргызстандын саясий системасынын толук кандуу элементи катары өнүгүп, жарандардын өлкөнү башкарууга катышуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзө алат деген ишеним бекемделүүдө.
Былтыркы II Элдик Курултайда көтөрүлгөн маселелер, делегаттар тарабынан берилген сунуштар ишке ашууда. Маселен, колунда кызматы бар адамдар гектарлаган жерлерди, автобекеттерди, базарларды, жер тилкелерин, завод, фабрика жана бала бакчалар сыяктуу мамлекеттик объектилерди жеке менчигине өткөрүп алышканы айтылган эле, алар бир жылдан бери тынымсыз кайтарылууда.
Айрымдарын атасак, ири базарлардан Бишкектеги «Дордой», «Сары-Өзөн Дыйкан», «Ош» базарларынын айрым бөлүктөрү, “Старый толчок”, «Евразия», “Баткен-комфорт”, “Кара-Суу”, “Ак-Тилек”, Кербен шаарындагы базар, Өзгөндө 470 млн сомго бааланган базар, Жалал-Абад шаарынын борбордук базары «Шабдалы-Зар», Бишкектеги «Оберон» жана «Оберон-Форт» базарлары жана башка бир катар базарлар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Андан сырткары миңдеген жер тилкелери, стадиондор, мал базарлар жана бала бакчалар мамлекеттин балансына өттү. Кайтарылган жерлердин эң ирисинин бири катары айтылган Кеминдеги 353 гектар жерге 100 миңден ашык үй-бүлөгө ипотекалык үйлөр курула турган болду.
Былтыр өткөн Элдик Курултайда көтөрүлгөн орчундуу маселелердин бири Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Акташ айылынан келген Абдикарим Бекмурзаев Өзбекстандын аймагында калган Барактыктардын көйгөйүн айтып, айыл өкмөт тарабынан 11 гектар жерди жасалма кол коюу менен мурдагы айыл өкмөт ээлеп жатканын билдирген. Садыр Жапаров чек арадагы айылдар ар дайым өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда экенин белгилеп, ал жерге жаңы айылдын түптөлүшүнө старт бергенин көргөнбүз. Арадан бир жыл убакыт өтүп-өтпөй, Кара-Суу районундагы айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз ээленип турат деген 11 гектар жерге дагы жер кошуп, жалпы 38 гектар аянтка бирдей үлгүдө салынган 101 турак үйдү бардык керектүү шарттары менен салып берди. Жакында ал үйлөргө Барак эксклавынан көчүрүлүп келген эл кирди.
Курултайда көп ирет айтылган мектеп, бала бакча, социалдык обьектилер арбын салынды. Соңку үч жылда 214 жаңы мектеп салынып, ишке берилген жалпы билим берүүчү мектептердин жана турак жайлардын саны союз мезгилиндеги көрсөткүчтөн ашып түшкөнү белгилүү болду. Айтор, курултайда көтөрүлгөн маселелер иш жүзүндө ашыгы менен аткарылууда. Эми кийинки аптада өтө турган үчүнчү Элдик курултайда да мамлекеттик масштабдагы маселелер жана конкреттүү көйгөйлөр айтыларына үмүт арта туралы.
Кылычбек Кудайбергенов