"Эркин-Тоо"

 Үч күндө 80 миң «Тулпар» жол картасы сатылды

Бишкектиктер муниципалдык коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүүнүн алгачкы үч күнүндө 80 миң «Тулпар» жол картасын сатып алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

20-августтан 22-августка чейин автобустар менен троллейбустарда 91 миң жол кире төлөнгөн. Маалыматта стандарттык карталарга суроо-талап көп экени, мэрия аларды коомдук транспортто сатууну уланта турганын белгилеген

Ошондой эле жүргүнчүлөр жол кире акысын акысын «Mbank», «MegaPay», «Balance» мобилдик тиркемелери аркылуу төлөөгө болот.

Белгилей кетсек, буга чейин шаардык мэрия 20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбай тургандыгын билдирген.