"Эркин-Тоо"

Үч министрликтин документтик базасы бириктирилди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин документтик базасы бириктирилди. Жыйынтыгында үч ведомство үчүн бири-бириндеги маалыматтар жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана оптималдаштыруу секторунун башчысы Айжан Токтосунова билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү система ушул жылдан тарта иштей баштаган.

«Биздин өзүбүздүн IT-адистерибиз иштеп чыккан программа аркылуу эми бардык ымыркайлар төрөлгөндө эле каттоого алынып, идентификациялык номер берилет. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин базасы өзүнчө, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиники жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин базасы башка-башка болгондуктан мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Анын айынан өлкөдө төрөлгөн балдардын 7-10 пайызы каттоого алынбай келген. Бул мүчүлүштүктөрдү жоюп, азыркы учурда биз төрөлгөн ымыркайды каттоого аларыбыз менен ошол үй-бүлөдөгү андан улуу балдарынын да документтери жок учурлар чыкса, дароо документ берип жатабыз. Биздин жаңы кирген система БУУнун абройлуу сыйлыгына ээ болду», — деген  Токтосунова ММКлардын бирине маек берип жатып

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!