"Эркин-Тоо"

Үч шаарда кайра шайлоо өткөрүү үчүн 40 миллион сомго жакын каражат сарпталат

 Апрель айында өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин шайлоо жокко чыгарылгандыгына байланыштуу  кайра шайлоо дайындалса, ага  39-40 миллион сомго чукул каражат сарпталат. Бул тууралуу жергиликтүү ММК ларга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов билдирди. БШКнын маалыматына таянсак Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга казынадан 425 млн. сом жумшалган. Анын 27 миллиону Бишкек, 9 миллиону Ош, 2 миллиону Токмок шаарына сарпталган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!