Бүгүн, 10-июн күнү, Бишкектин «Көк-Жар» конушунда жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы корпусу пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Азамат Кадыров, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана райондун активисттери катышты.
Жаңы имарат:
-
Эки кабаттуу жана жер төлөсү бар;
-
Жалпы аянты — 2607,9 м²ты түзөт;
-
Беш унаага ылайыкталган тез жардам станциясы бар;
-
УЗИ, ЭКГ, физиотерапия, стерилизация жана дарыгерлер бөлмөлөрү орун алган;
-
Лифт, санитардык түйүндөр менен жабдылган;
- Жашылдандыруу иштери жүрүп, айланасы жарыктандырылган.
Белгилей кетсек, борборду куруу иштери Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылды.