"Эркин-Тоо"

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 4 миң арыз түшкөн

Ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 4 миң арыз түшкөнүн ИИМдин Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын башчысы Нуржан Адылова билдирди.

Анын айтымында, бул жабырлануучулардын түз кайрылуулары, ооруканалардан жана 102 линиясы боюнча маалымат. Адылова белгилегендей, козголгон кылмыш иштеринин саны 17%га азайган.

Ал кошумчалагандай, милициянын кабыл алуу пункттары республиканын алыскы аймактарына да барып, жарандар ал жакка да арыз жазса болот.

«Эгерде сиз үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы же күбөсү болуп калсаңыз, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылыңыз же 102 кыска номуруна чалыңыз. Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жардам көрсөтүүгө даяр», — деп жыйынтыктады Адылова.

Пример HTML-страницы