"Эркин-Тоо"

Салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө айып салынат

Жарандарда транспорт каражатына, турак үй, батир жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө үчүн 2 жума убакыт калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) эскертет.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Calculator.salyk.kg сайтынан салыктын суммасын өз алдынча эсептеп алууга болот.

Белгилей кетсек, салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.