Кечээ, 31-январда Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Б.Мамбетов Кыргызстандын үрөн ассоциациясы жана айыл чарба үрөндөрүн алып келүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйында республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба үрөндөрү менен камсыз кылуу үчүн импорттоонун актуалдуу маселелери талкууланып, кепилденген жогорку түшүм алуу үчүн фермерлер жана дыйкандар бир гана сертификатталган үрөндөр менен ири үрөн ташып келүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө маселелер көтөрүлдү.
Ошондой эле департаменттин директору Б.Мамбетов 2024-жылдын жазгы айдап-себүү иштерине республиканын фермерлери жана дыйкандары негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөндөрү менен өз убагында камсыздаларын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында ар бир үрөндүк материалды берүүчүлөр менен “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана отургузуу материалдарын алып келүү жаатында кызматташуу жөнүндө” меморандумдарга кол коюлду.
Калыгул Бейшекеев