"Эркин-Тоо"

Ө.Бабановдун убактылуу кармоочу жайда машыгып жатат деген маалымат боюнча УКМК үн катты

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан видео-материал боюнча КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитети билдирүү жасады.

«Ө.Бабановдун УКМКнын убактылуу кармоочу жайында машыгып жатат»,- деген маалымат чындыкка дал келбейт. Убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналып, анын ичинде фото-видеого тартуу тыюу салынат. «Аталган видеоматериал фейк болуп эсептелинет»,- деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!