Президенттин администрациясы “Ынтымак Ордого” көчкөндөн кийин. Президенттин администрациясынын Токтоболот Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан мурдагы имараты Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин бул имарат Бишкек шаарынын мэриясына өтө турганы айтылып жаткан.