"Эркин-Тоо"

ӨКМ: Айрым аймактарда сел жүрөт

ӨКМдин тараткан билдирүүсүнө ылайык, жакынкы күндөрү күтүлгөн катуу жааган жамгырдан улам, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

20-апрелден 24-апрелге чейин аба ырайынын кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Кар көчкү түшүшү божомолдонгон аймактар:
• Бишкек — Ош унаа жолунун 132-137-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);
• Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
• Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 71-75-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
• Кара-Кысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу;
• Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-880-чакырымы;
• Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 295-300-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
• Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там автоунаа жолунун 161-179-чакырымы (Талдык ашуусу);
• Каракол — Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу).

ӨКМ автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты кармоону жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болорун эскертет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!