"Эркин-Тоо"

ӨКМ эскертти. Күн сууктап, башка кырсыктардын да активдешүүсү күтүлөт

30-ноябрь жана 1-2-декабрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын кескин
өзгөрүлүшү жана кар, жаан-чачын күтүлөт. Буга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана
тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстер активдешүүсү мүмкүн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо
департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, кооптуу табигый
процесстердин активдешүүсү күтүлгөн аймактар:
— Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана
Панфилов райондору,
— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондору,
— Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа жана Жумгал райондору,
— Талас облусунун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондору,
— Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо
райондору,
— Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондору,
— Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондору,
— Бишкек, Ош шаарларынын аймактары.
Ошондой эле төмөнкү унаа жолдордо:
— Бишкек—Ош унаа жолунун 9, 86-87, 90-94, 96-107, 110-114, 197-199, 203-209 221-251,
285, 342-348, 358-362, 400, 411-426, 614-632, 647-658-чакырымдарында;
— Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138-чакырымдарында;
— Кербен—Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 2-5, 12-13, 22-24-чакырымдарында;
— Бишкек—Торугарт унаа жолунун 111-117, 119-122, 121-125-чакырымдарында;
— Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 23-29, 39, 43-49, 59-65, 68-74, 78-80, 121-124,
133-чакырымдарында;
— Мырза-Аке—Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымдарында;
— Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунун 174-чакырымында кооптуу табигый
процесстердин активдешүүсү мүмкүн

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!