ӨКМ тарабынан Баткенге 131 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

ӨКМ тарабынан Баткенге 131 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу аталган министрлик тарабынан маалым болду.
Маалыматка ылайык, 21-сентябрга карата Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.
Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!