"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты.

Билдирүүгө ылайык, 7-8-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Сел коркунучуна байланыштуу, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Белгилей кетсек, 7-августта жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган. Учурда аталган айылдарда селдин кесепетин жоюу иштери аткарылууда.