"Эркин-Тоо"

ӨКМ: Тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал

Үстүбүздөгү жылдын 1-2-май күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, ошондой эле 3-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

«Мүмкүн болгон нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал», — деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.