"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

ӨКМде 210 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы 2023–2024-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде (ӨКМ) жана анын карамагындагы түзүмдөрдө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын карады. Текшерүүнүн жүрүшүндө бюджеттик каражаттарды пайдалануу, долбоорлорду ишке ашыруу жана менчик маселелерине байланышкан бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Аудит жыйынтыгында жалпы 210,8 млн сом өлчөмүндө финансылык мүнөздөгү мыйзам бузуулар катталган. Анын 156,8 млн сому калыбына келтирүүгө тийиш деп табылып, 66 млн сом аудит маалында кайра өндүрүлдү.

ӨКМ борборлоштурулган иш-чаралар үчүн өзүнчө смета түзүп, аны пайдаланган. Эсептөө палатасы мындай практика колдонуудагы мыйзамдарга туура келбесин жана бюджеттик пландоо тартибине шайкеш эместигин белгиледи. Сметадагы ассигнованиялар кийин ведомстволук уюмдарга бекитилгени да аныкталды.

Гидрометеорология кызматында катталган 157 жер тилкесинин ичинен 21 тилкенин мамлекеттик актысы жок экени маалым болду. Палата тиешелүү документтерди тариздөөнү тездетүүнү сунуштайт.

Токой чарбаларында да бир катар көйгөйлөр аныкталды: 96,1 млн сомдук ижара төлөмдөрү республикалык бюджетке толук түшкөн эмес. Бул тармактагы башкаруу жана көзөмөл механизмдерин чыңдоо зарылдыгы белгиленди.

ERIC долбоору (жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу) 2023-жылы бөлүнгөн каражатты толук өздөштүргөн эмес — аткарылышы 13,7% гана түзгөн. Мектеп куруу боюнча подрядчы менен келишим мөөнөтүнөн мурда бузулуп, иштин кечеңдешине алып келген.

Ошондой эле COVID-19 ыкчам долбоорунун мөөнөтү пландан 2 жылга жакын созулуп, 2024-жылдын октябрында аяктаганы белгиленди. Айрым каражаттар ыкчам чараларга түз байланышсыз багыттарга жумшалганы менен, капиталдык оңдоолор саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык базасын чыңдоого жардам берген.

2023–2024-жылдары ӨКМге караштуу төрт түзүмдө 1,9 млрд сомдон ашык капиталдык салымдар пайдаланылып, анын ичинен 6,8 млн сомдук бузуулар аныкталды.