Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) 28 жаңы атайын техника тапшырылды. Ага МинКабдын төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев катышты.
Жаңы техникалардын ичинде 4 бортуу КАМАЗ; 3 BYD жеңил унаасы; 6 Кобальт Шеврале; 1 Шеврале трекер; 1 Крузак; 2 погрузчик, өрт өчүрүүчүлөр үчүн 500 күжүрмөн кийими жана башка өрт өчүрүүчү шаймандар бар.
Белгилей кетсек, 2021–2025-жылдар аралыгында министрликтин базасын 800гө жакын атайын техникалар түзсө, анын 572си жаңы алынып, калгандары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

