Азыр Кыргызстан боюнча 401 мектептин директорлорунун орду бош турат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев ММКлардын бирине берген маегинде билдирди. Ал мектеп директорлугуна тандоо сынагы убактылуу токтотулгандыгын кошумчалаган.
“Азыр Кыргызстан боюнча 401 мектептин директорлорунун орду бош турат. Сынакты өткөрүү убактылуу токтотулду. Себеби анын Жобосуна айрым бир өзгөрүүлөр киргизилип жатат. Биринчиси, мектептердеги окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары деген кызмат бар, бирок ошол эле кезде уюштуруучу деген жок болчу. Жобого киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык ошол уюштуруучуларга да мектеп директорун тандоо боюнча сынакка катышууга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Ошондой эле мектеп директору болом деген агай-эжейлерди даярдоо үчүн атайын курстар өткөрүлө турган болду. Анткени, сынакка катышкан мугалимдердин көпчүлүгү тесттин оор болуп жаткандыгын айтышып, сынактан өтпөй калып жатат”-деген Бакыт Козуев
Комментарий калтыруу