Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим Сузактагы бакчада катталган окуядан кийин кабыл алынды.
«Ар бир айыл, шаар менен байланышып учурда канча бакчада видекөзөмөл орнотулганын текшердик. Жергиликтүү бийликтер менен байланышып, видеокамера орнотулушу керектигин айттык. Аны колдонуу боюнча инструкция дагы жөнөтүлөт. Анткени купуялуулук дагы сакталып, ата-энелер балдарын камера аркылуу карап тура алгандай болушу керек. Ал эрежелердин сакталып жатканын бакчанын жетекчилиги көзөмөл кылышы кажет», — деди Жусупбекова.
Ошондой эле ал Сузактагы бала бакчанын балдарына, ата-энелерге, тарбиячыларга психологиялык жардам көрсөтүп, ошол эле учурда окуянын келип чыгышын такташ үчүн ОшМУдан психологдор тобу барганын кошумчалады.