"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өлкө боюнча бир күндө 22 өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 27-июль күнү өлкө аймагында жалпы 22 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылды.

Өрт кырсыктарынын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаарында – 4,

  • Ош шаарында – 2,

  • Ош облусунда – 3,

  • Чүй облусунда – 7,

  • Жалал-Абад облусунда – 4,

  • Ысык-Көл облусунда – 1,

  • Баткен облусунда – 1.

Тилсиз жоону өчүрүү үчүн куткаруу кызматтары тарабынан 2 жолу ыкчам чыгуу болду.