Жакынкы жылдардан бери жарандарды турак жай менен камсыздоо маселеси колго алынып, ипотекалык үйлөр салынып жатканын билебиз. Быйылкы жылы борбордо жана бардык аймактарда бир канча үйлөрдүн курулушу башталган. Ошондой эле бир нечеси бүткөнү турат. Жакынкы күндөрү Бишкек шаарында ипотекалык үйлөр каз катары менен бериле баштамакчы. Жыл аягына чейин жарандарга ипотекага 2 миң 184 батир берилгени турат. Атап айтсак, Калык Акиев көчөсүндө салынып жаткан үйдөн 216, “Жал” кичи районунан 288, Скрябин көчөсүндө салынып жаткан турак жайдан 549, Маликов көчөсүнөн 986, Юдахин көчөсүнөн 81, “Тунгуч” кичи районунан 54, Анкара көчөсүнөн 10 батир берилет. Быйылкы жылдын жаз, жай мезгилдеринде дагы бир нече үйлөр берилген. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 126 турак жай же 6632 батир курулуп бүтүп, ишке берилгени турат. Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания 20 714 батирлүү 443 үйдү куруунун үстүндө иштеп жатат. Анын жалпы жашоо аянты 1,308 миллион чарчы метрди түзөт.
30 жылдагы башаламан саясаттын айынан мамлекеттин бардык катмары кризиске батып, турак жай маселеси да чоң көйгөйгө айланып калган эле. Өлкөбүздөгү төңкөрүштөр болгон сайын жер басып алуучулар чыгып, айдоо аянттарын өз билемдик менен ээлеп алганы ага далил. Албетте, бийлик алмашкан сайын түшүм алына турган түз жерлерди ээлеп алып, капталына жайылып кете берсек, аягы жакшы болбойт. Бул боюнча Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун да айтканы бар.
«Өлкөнүн 94 пайызын тоолор ээлейт. Түз жерлерибиз болгону 6 пайызды түзөт. Ушул 6 пайыз түз жерлерде айылдар менен шаарлар жайгашкан. Айдоо жер аз. Учурда буудай менен өзүбүздү камсыз кыла албай, импорттоп жатабыз. Жыл өткөн сайын түз жерлер азайып, элдин саны өсүүдө. Ошого жараша тамак-аш көп керектелет. Демек, биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек. Ар бирибизде «40-50 жылдан кийин биздин балдарыбыз, келечек муундарыбыз кандай жашайт?» деген санаа болуш керек. Аларга бүгүн кам көрбөсөк, кийин чындап эле алар үчүн чоң баш оору болот. Мына ошондуктан капталга эмес, бийиктикке өсөлү деп Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин катуу жандандырдык. Жыл сайын казынадан каражат бөлүп берип жатабыз. Жакынкы жылдарда айылдарга чейин кабат-кабат үйлөрдү курууга жетишебиз. Азырынча үйлөрдү куруу боюнча иштерибиз айрым кичи шаарлар менен райборборлорго жетти. Эгер бийик кабат үйлөрдү куруу иштери бүгүнкүдөй темп менен уланса, 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жаранында үй көйгөйү болбойт» — деген Өлкө башчысы.
Чынын айтышыбыз керек, мамлекетте турак жай маселеси абдан курч. Үй курган жеке компаниялардын баасы асман чапчыды, калктын негизги бөлүгү алардан алууга кудурети жетпейт. Ал ортодо кооператив түзгөн шылуундар чыгып, бир тобунун миграцияда эптеп топтогон акчасын кагып кетишти. Мына ушундай шартта бийликтин бул маселеге көңүл буруп, ипотекалык үйлөрдү арбын кура баштаганы абдан туура болду. Өзгөчө, 2020-жылдан кийин калкты арзан турак жай менен камсыздоо иши жигердүү түрдө жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Менин үйүм 2021–2026» программасы иштелип чыгып, ал ийгиликтүү ишке ашууда.
Эң жакшысы, пайыздык чендерди улам арзандатып отуруп 4-6%га чейин түшүргөнгө шарт жаралды. Турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилип, калктын аярлуу катмарына Социалдык ипотека багыты киргизилди. Өзгөрүүлөргө ылайык, калктын аярлуу катмарлары иштеген жерине карабастан 4%дан ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ага катар 25 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Бул жерде мурдагы программалардан кескин айырмаланган дагы бир жакшы жери, кардарлардан баштапкы төлөм талап кылынбайт. Керектүү документтерин тапшырып, кезекке тура беришет.
Эске сала кетсек, былтыр мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болгон. Мурдагы жылы компаниянын ишмердүүлүгүнүн аркасында 4,6 миллиард сомго 1800дөн ашык үй-бүлө эңсеген турак жайын сатып алып, ал эми «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасынын алкагында 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон. Ушул тапта “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” багыттары боюнча насыялар 4% менен жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча 8% менен берилүүдө.
Ошентип, бүгүнкү күндө жалпы калайык-калк күткөн эң зарыл долбоор ишке ашууда. Бул алкоого татый турган абдан чоң иш. Анткени, 30 жыл ичинде бир да жетекчи турак жай маселесине баш катырбагандыктан бүгүнкү оор абалга кептелип, жумурай-журтубуз жогоруда белгилеген жасалма кооператив түзгөн шылуундарга алданып калышты. Ушул өзөктүү ишти бүгүнкү бийлик колго алып, элдин көп жылдан бери көксөгөн муктаждыгын чечүүгө батыл киришти. Учурда 20 миң 714 батирлүү 400дөн ашуун үйдүн салынып жатышы буга далил. Эгер бийлик чындап эле кабат үйлөрдү куруу иштерин бүгүнкүдөй темп менен улантса, Президент белгилегендей 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жараны үйлүү болуп, жалпы мамлекетте турак жай көйгөйү жоюлат.
Зулпукаар Сапанов