"Эркин-Тоо"

Өлкөбүздө сот адилеттиги өкүм сүрүшү зарыл

Сот системасы жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон бийликтин өзүнчө бутагы экенин билебиз. Эки жылдан бери Жогороку сот тутумунда бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, сот реформасын алдыга жылдыруу кадамдары башталды. Атай айтсак, соттордун масштабдуу ротациясы ишке ашты. Муну элдик колдоого алынуучу кадам катары бааласак болот. Анткени, өмүр бою бир орунда, бир аймакта иштеп, тууган-туушкан, тааныш-билиш аркылуу иш алып барууга бөгөт коюлду.

Буга чейин болуп көрбөгөндөй судьялардын олуттуу ротациясынын жүрүшү жөн гана орун алмаштыруу катары эмес, алардын сот адилеттигин ишке ашыруусундагы жоопкерчилигин кароо, сапатын жогорулатуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана алардын натыйжасында сот тутумуна элдин ишенимин кайтаруу максатында жасалууда. Тагыраак айтканда, элге багытталган адилеттүүлүк орун алыш керек. Мунун алгачкы үзүрү көрүнө баштады. Жогоруда айткандай, “жең ичинен” иш бүткөн жек-жааттык, кландык иштерге чекит коюлду.

Буга катар, 2023-жылы өтө резонанстуу иштер боюнча судьялар тарабынан улам маалымат жыйындары өткөрүлүп, элге тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул өз кезегинде коомчулукта жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында кызыгууну жараткан иштер боюнча түшүнбөстүктөрдү ыкчам жоюуга мүмкүнчүлүк берди. Өзгөчө, аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүлүп, ал тургай өлүмгө алып келген окуяларга байланышкан иштер боюнча түшүндүрмөлөр соттор тарабынан тынбай берилип, айтылып турду. Белгилеп коюшубуз керек, мындай практика азырынча дүйнө жүзү боюнча кыргыз сотунда гана жүргүзүлүп жатат. Бул алкоого арзый турган иш экенин белгилеп коюшубуз шарт.

Сот тутумун материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатуу жана сот  адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү — сот реформасынын багыттарынын бири. Бул багытта дагы өткөн жылы көзгө толумдуу иштер жүргүзүлдү. Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан сот системасына бөлүнгөн каражат көбөйдү. Тагыраак айтсак, эки жыл ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өстү, 2020-жылы бюджети 1,2 млрд сом болсо, 2023-жылы 3,5 млрд сомго жетти. Соттук отурумдарга сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап технологиялар киргизилип, санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана эсепке алуу системасы орнотулду. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү.

Жаңы Конституцияга ылайык, учурда сот тутумуна мыйзамдарды демилгелөө укугу берилип, тийиштүү долбоорлор каралып жатат. Ошондой эле, сот тутумунун тарыхында биринчи жолу эки ири Сот адилеттик үйлөрү — Каракол жана Жалал-Абад шаарларында ачылды. Атай кетсек, Ысык-Көлдөгү «Адилет үйүнө» Ысык-Көл облустук соту, Каракол шаардык жана Ысык-Көл административдик соттору жана Сот департаментинин облустук башкармалыгы жайгаштырылып, судьялар жана процесстин бардык катышуучулары үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Бул иштерден кийин маалымат жана кызматтарды алуу бир топ эле жеңилдегенине күбө болдук.

Ушундай эле Адилет үйү Жалал-Абад облусунда дагы пайдаланууга берилди.  Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун Административдик соттору жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы, Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрү жана ошондой эле Жалал-Абад аймактык Сот приставдар кызмат бөлүмү жайгаштырылып, аны менен бирге аймактагы калк үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Бул өз кезегинде сот процессинин катышуучулары үчүн  ыңгайлуу болгону коомчулукта айтылууда. Себеби, бир соттон экинчи сотко барган убакытты, чыгымдарды бир топ жеңилдетти.

Эң негизги иштердин бири катар кошумчалай кетсек, чет мамлекеттердеги соттор менен байланыштар эки жылдан бери өзгөчө бекемделди. 2023-жылы Кытайга болгон иш сапардын натыйжасында, аталган өлкөнүн адистери сот тутумундагы санариптештирүүнү колдоого даяр экендигин билдиришти. Ошого катар экология көйгөйлөрүнөн улам чыккан талаш-тартыштарды чечүүдө сот адилеттигин камсыз кылуу маселесине байланышкан ири эл аралык конференция Ысык-Көлдө өтүп, келген меймандар бул багыттагы кыргыз сотунун ишин жогору баалашты. Мындай баага арзуунун артында чоң эмгек, талыкпаган мээнет жатат.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери жогорку сотко мамлекет тарабынан бир да унаа берилген эмес. Жакында биринчи жолу сот аткаруучуларга 47 даана кызматтык автоунаа ыйгарылды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өзү келип, унааларды тапшырып: “Биринчи жолу сот аткаруучулар үчүн автоунаалар сатылып алынды. Бул автоунаалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 млн сомго сатып алганыбызды белгилей кетейин”, — деди. Бул өз кезегинде соттун чечимдери менен мамлекеттик органдардын актыларынын реалдуу, толук жана ыкчам аткарууга өбөлгө түзөрү шексиз.

Отуз жыл аралыгында болбогон дагы бир өзгөчө иш жасалып, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин жана Адвокатуранын ортосундагы соттук териштирүүдө өз ара кесиптик жоопкерчиликти күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Арийне, айрым учурда сотторго ишенич жок деп айтылып келет, бирок жылдан жылга сотторго кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул сотко болгон ишеним жогорулаганын көрсөтүүдө десек жаңылышпайбыз. Ошондой эле, былтыркы жылы сотко кайрылган жарандардын 4% гана Жогорку сотко чейин жеткен. Бул соттун биринчи инстанциядагы чечимдерине элдин ынанганын түшүндүрөт, алар Жогорку сотко чейин даттанышкан эмес. Албетте, сотто бир тарап утса, бир тарабы утулат. Утулган тарап сөзсүз нааразычылыгын билдирип чыккандыктан сотторго болгон ишеним жоктой таасир калтырат. Чындыгында, уткан тараптын пикири чыкпай калып, коомдо башкача көз караш жаралып жатканы чындык.

Өткөн жылы жалпы сот тутуму үчүн ийгиликтер менен бирге кемчиликтер дагы орун алды. Аны айтпай кетүүгө болбойт. Соттордун арасында “бир кумалак бир карын майды чиритет” болуп, коррупцияга малынгандар, мыйзамсыз чечимдерди чыгаргандар ачыкка чыкты. Бул багытта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бир катар судьялардын үстүнөн Соттор кеңешине сунуш жөнөтүп, кечиктирилгис чаралар көрүлдү. Албетте, сотторду тазалоо иштери улантылышы кажет. Мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечимдер менен элдин ишенимин арттыруу зарыл.

 

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!