Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин саны 5000ге жакындайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Анда 118 миңге жакын мугалим эмгектенип, 2 миллиондон ашык тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди окутат.
Педагогдордун басымдуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Тактап айтканда, мектеп мугалимдеринин саны 94 миңге чукул. Алардын 86 пайызын аялдар түзөт.
Статистикалык комитет 2023-2024-окуу жылынын башына карата мугалимдердин дээрлик 87 пайызынын жогорку билими бар экендиги белгилүү болгонун кошумчалады. Ошондой эле республикадагы ар бир бешинчи студент педагог кесибин тандаганын белгиледи. 2023-2024-окуу жылында 7000ден ашык студент мугалимдик кесип боюнча окууну бүтүргөн.