Айыл чарба министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2025-жылга жалпы 64,6 миң тонна дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Учурда 58,5 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо 91%ды түздү. Ал эми өлкө боюнча сулуу, күрүч, чанактуулар жана соя өсүмдүктөрү 100 % камсыздалды.
Жетпеген үрөндөр дотация аркылуу жана үрөн чарбаларда эркин сатууга коюлган үрөндөр менен толтукталарын айткан министрлик 2025-жылга 15 питомник тарабынан 12 млн 152 миңден ашык мөмө-жемиш көчөттөрү даярдалгандыгын кошумчалады.