Агартуу жана илим министрлиги 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү процессине байланыштуу жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу маалымат берди. Министрлик бул процесс билим берүү системасынын масштабдуу трансформациясынын маанилүү бөлүгү болуп саналарын жана анын ишке ашуусу системалуу, этап-этабы менен жүрөрүн баса белгиледи.
Министрликтин маалыматына караганда, 2025-жылдын июль айында республика боюнча башталгыч мектеп, математика, табигый илимдер жана англис тили багыттары боюнча 241 мастер-тренер даярдалган. Алар өз кезегинде 26 041 мугалимге жаңыланган предметтик стандарттар жана жаңы окуу китептери менен иштөө боюнча практикалык окутууларды өткөрүштү.
Мындан тышкары, июль айынан тартып “Жакшылыктын жарчысы” педагогикалык форумунун алкагында мектеп жана кесиптик лицейлердин директорлору, алардын орун басарлары, методисттер, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери окутулду.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү темалар боюнча билим алышты:
-
мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары;
-
жаңыланган окуу программалары жана окутуу технологиялары;
-
сабак өткөрүү методикалары жана педагогикалык инструменттер;
-
мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларынын жаңы форматы;
-
санариптик ресурстар жана жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү.
Форумдун бардык катышуучуларына презентацияланган материалдар жеткирилди жана алар өз мектептеринде педагогикалык жамааттар менен каскаддык окутууну улантууга багыт алышты. Ошондой эле онлайн тайпалар түзүлүп, окуу жылынын жүрүшүндө үзгүлтүксүз коштоо иштери жүргүзүлөрү белгиленди.
Август айында өткөрүлгөн “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу жыйынтыктоочу педагогикалык форумдун алкагында 30дан ашык секциялык иш-чаралар, мастер-класстар, тегерек столдор жана конференциялар уюштурулуп, билим берүүнүн жаңыланган мазмунуна байланыштуу маселелер кеңири талкууланды.
Министрлик 12 жылдык билим берүүгө өтүү процесси коомчулукта айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен ишке ашырылып жатканын жана бардык деңгээлдеги мугалимдер менен билим берүү жетекчилерин колдоо системалуу негизде улантыларын белгиледи.