"Эркин-Тоо"

Өлкөдө 95 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы иштеп жатат

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.Анын айтымында, жеке менчик дарыканалар дагы дары-дармектерди мамлекеттик ишкана аркылуу ала башташты. 2025-жылы да муктаждык болгон жерге “Эл Аман” дарыканасы ачыла берет. Ошондой эле саламаттык сактоо министри учурда өлкөдөгү 290 оорукана “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары-дармектер менен камсыздалып жатканын маалымдады. Анткени, мамлекет башчысы тарабынан өлкөдөгү ооруканалардын бардыгына дары-дармектерди «Кыргызфармация» ишканасы аркылуу заводдордон түз алуу тапшырмасы коюлган.

 

Пример HTML-страницы