Өлкөдө балага «сүйүнчү» берүү жанданды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында айтылат.
«Январдын башынан бери 18 миң ымыркайдын ата-энесине жалпысынан 70 миллион сомдон ашык берилди», — деп айтылат билдирүүдө.
2022-жылдын жылдын декабрында улуттук маалымат базасы жаңыртылгандыктан каражат берүү убактылуу токтотулган болчу.
Жөлөк пулдун суммасы 4 миң сомду түзөт. Эгер үй-бүлөдө бир учурда 3 же андан көп бала төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон каралат.