"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өлкөдө бир сутка ичинде 39 өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 5-сентябрына карата республика боюнча жалпы 39 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 40 күжүрмөн эсеп тартылды.

Өрт кырсыктары төмөнкүдөй аймактарда катталган:

  • Бишкек шаары – 10 учур

  • Ош облусу – 7 учур

  • Чүй облусу – 9 учур

  • Баткен облусу – 3 учур

  • Талас облусу – 1 учур

  • Жалал-Абад облусу – 9 учур

Мындан тышкары, куткаруу кызматтары тарабынан 3 жолу ыкчам чыгуу болду.

Маалыматты КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору таратты.