Өлкөдө биринчилерден болуп Кыргыз-Түрк «Манас» университети эл аралык рейтингге кирди

Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөлүк университеттердин кадыр-барктуу Times Higher Education (THE) Impact Ranking 2022 рейтингине кирди, — деп билдирди  окуу жайдын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Айзат Таласбаева.

Impact Ranking дүйнөдөгү университеттердин БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү ийгилигин өлчөйт.

«Аталган университет  эл аралык деңгээлдеги бул топко кирген Кыргызстандагы биринчи жогорку окуу жайы болуп калды. Жалпы рейтингде Кыргыз-Түрк «Манас» университети 106 ѳлкѳдѳн 1406 университеттин ичинен 1001+ тайпасына кирген», — деп билдирди адис.

Рейтинг 2030-жылга чейинки мезгилде Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн Туруктуу өнүгүү максаттарын  ишке ашыруу процессине университеттердин таасирин баалоого арналган. Пилоттук рейтинг 2019-жылы чыгарылган.

Туруктуу жогорку билим берүү тармагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосунун натыйжасында «Манас» университети рейтингдик тизмеге кире алды. Бул көрүнүктүү жетишкендик окуу жайдын студенттеринин  дагы мыкты билим алууга шыктануусуна  жакшы таасирин тийгизери талашсыз.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!