"Эркин-Тоо"

Өлкөдө экономиканы өнүктүрүү доктринасы иштелип чыгат

“Реформаны илимий коштоо” аталышындагы илимий-практикалык конференция март айында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында өттү. Окумуштуулардын жыйынында “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык коомдогу жаштардын өнүгүү-өсүү, тарбиясы, маданияты, технологиянын жетишкен доору талкууланды.
Кыргызстандагы социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө, адам ресурсун өнүктүрүүдө дегеле саясатта да илим бир кадам алдыда турушу керек. Буга чейин Улуттук илимдер академиясына көңүл бурулбай келсе, учурда Президент Садыр Жапаров Конституциялык реформаны коштогон илимий доктринаны түзүүнү милдеттендирди. Ошентип өлкөдө мамлекеттик ишмердүүлүктүн ар бир тармагында реформа жүргүзүлүп, аны илимий өнүгүүлөр коштойт. Мыйзамдуулукту жайылтууну мамлекет да, жарандык коом да моюнга алуусу зарыл. Алгачкы жолу Улуттук илимдер академиясына өлкөнү өнүктүрүүгө багыт алган 23 илимий тема тапшырылды. Илимий темаларды карап чыгып, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү доктринасын түзүү сунушталууда.
Бир эле Улуттук илимдер академиясында эмес бардык жогорку жана орто окуу жайларында, мектептерде, бала-бакчаларда улуттук идеологияны адат катары калыптандырышыбыз керек. Улуттук идеологиясы жок өлкө өнүгө албайт. Азыр батыш өлкөлөрү тургай Араб, Пакистан маданиятын коомго сиңирүүгө аракет кылгандар да жок эмес. Динди шылтоологон кыргыз кыз-келиндери кара кийинип, көзүн эле ачык калтырганын кандай түшүнсөк болот? Оронуп алган кыздардын баары ыймандуу, маданияттуу дей албайбыз. Башка өлкөнүн улуттук кийимин кыз-келиндерибизге таңуулагандан көрө өзүбүздүн көйнөк, чыптамабызды кийсек жарашыктуу эмеспи. Оронгон жоолукту саркеч кептакыяга, элечекке алмаштырсак маданиятыбыздын бир учу сакталмак. Мамлекеттик жана улуттук идеологияга шайкеш маданиятты, салттуулукту сактап, таалим-тарбияны, илим-билимди да өнүктүрүүгө мезгил келди.