Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка караганда ушул тапта кутурма оорусуна каршы малга вакцина сайылып, ал эми эхинококкозго каршы ит-мышыкка дары берилип жатат. Ветеринардык кызмат бардык жарандарды мал-жандыкты профилактикалык эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүүгө чакырат.