"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Статистика

Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин саны 19 миңге жетти

📊 Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын башына карата (коопсуздук жана коргонуу тармактарынан тышкары) Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматта 19 001 адам иштейт. Алардын 44,6%ы аялдар болсо, 55,4%ы эркектер.

Мамлекеттик башкаруу органдарында эркектердин үлүшү — 55%ды, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында — 59%ды түзөт.

🟩 Мамлекеттик кызматкерлердин 62,4% Бишкек шаарында иштейт.

Мамлекеттик кызматкерлердин саны (2025-жылдын 1-январына карата)

Аймактар Жалпы саны Саясий жана атайын кызмат Административдик кызмат
Кыргыз Республикасы 19 001 1 369 17 632
Бишкек шаары 11 862 995 10 867
Жалал-Абад облусу 1 503 88 1 415
Чүй облусу 930 29 901
Ош шаары 1 131 51 1 080
Ысык-Көл облусу 843 45 798
Нарын облусу 820 41 779
Ош облусу 716 50 666
Баткен облусу 682 35 647
Талас облусу 514 35 479

Муниципалдык кызматта — 4,2 миңден ашык кызматкер

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 4 242 муниципалдык кызматкер иштейт. Анын ичинен 41%ы аялдар, 59%ы эркектер.

Муниципалдык кызматкерлердин саны (2025-жылдын 1-январына карата)

Аймактар Жалпы саны Саясий кызмат Административдик кызмат
Кыргыз Республикасы 4 242 343 3 899
Ош облусу 1 023 82 941
Жалал-Абад облусу 845 77 768
Чүй облусу 708 64 644
Баткен облусу 426 39 387
Ысык-Көл облусу 339 27 312
Нарын облусу 323 29 294
Талас облусу 213 19 194
Бишкек шаары 289 3 286
Ош шаары 76 3 73