Өлкөдө сасык тумоого байланыштуу 47 бала бакча жабылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу департаментинен билдиришти.
Белгиленгендей, бул мектепке чейинки мекемелердин жалпы санынын 2,5 пайызын түзөт.
«Катуу сууктан улам Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым мектептери онлайн окутууга өттү», — деп айтылат билдирүүдө.
Ведомство курч респиратордук вирустук инфекцияга мониторинг жүргүзүү улантыларын белгилейт.
Анын алкагында кадимки тартипте иштеп жаткан бала бакчалар менен мектептерде сабакка катышуу көзөмөлү күчөтүлөт.