Соңку жылдары ириде Жараткандын амири, өлкө жетекчилигиндеги инсандарыбыздын күнү-түнү “чапкылаган” аракети менен мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалы бекем түптөлүүдө. Буга дейре “белчебизден карызга көмүлдүк!” деп кыйкырып келсек, соңку 3 жылда экономикалык жактан кыйла бутубузга туруп, чет элдик инвестиция экономикабыздын канын тазартып, жашообузду санариптештирүү саясаты кыйла жеңилдетип жатканын кантип танабыз? УКТнын жок болушу менен туризмдин жанданышы, өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен жемкорлуктун төмөндөшүн сезип жатабызбы? Өлкөбүздөгү жумушчу күчүнүн жетишпей жатышы эмнени билдирет? Биз бул сапар дал ушундай соболдорго коомчулук өкүлдөрү менен бирге жооп издедик.
Саясат таануучу Тимур Саралаев: “Өзгөрүүлөр элдин жашоосуна оң таасирин берүүдө”
— Ооба, соңку жылдарда, өзгөчө акыркы 4 жылда өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр башталды. Бул албетте, Мамлекет башчынын саясий эркинин бекемдиги, тайманбастыгы, чечкиндүү кадамдарынын аркасында жана анын командасынын коюлган милдеттерди ыкчам ишке ашырганында мүмкүн болду. Өлкөбүздө экономикалык туруктуулукка жетүү багытында олуттуу иштер аткарылып, ИДПнын жогорулашы, бюджетти туура пландоо, ири инвестицияларды тартуу боюнча практикалык жыйынтыктар жаралууда. Бул жагын өлкөбүздүн ашынган душмандары да тана алышпайт. Санариптештирүү саясаты да мамлекеттик кызматтарды элге жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылып, бюрократияны кыскартып жатат. Бул өзгөрүүлөр жалпы элдин жашоосуна да байкалаарлык оң таасирин берүүдө. Биз эми кылдан кынтык издей бербей, жакшыны жакшы дешти да билели да, туурабы?
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтокан Боромбаева: “Өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болууда”
— Республиканын карызы көбөйүп, экономикабыз начарлаганы Кыргызстандын ар бир жаранын терең ойго салып келгенин баарыбыз билебиз. Жаңы бийлик келип, өлкөбүздө өтө чоң бурулуш жасады. Экономика чыңдалып, натыйжада социалдык маселелер чечилип, башыбыздан ашкан тышкы карыздарды төлөө башталды. Адилеттүүлүк үчүн бул жагын билүүбүз абзел.
Республикага инвестициянын келүү агымы жогорулап, ири ишкана, фабрика, заводддор түшүп жатат. Өлкө аймагы боюнча чоң-чоң өзгөрүүлөр болууда. Инфраструктура жакшырып, элди кубантууда. Санариптештирүү маселеси тезинен ишке кирип жатат.
Албетте, мындай өзгөрүүлөр эс алуучулардын келишине өбөлгө болууда. Бул иштерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге болгон талап күчөтүлүп жатат. УКТ менен күрөшүү боюнча катуу иш жүрүп жаткандыгын тана албайбыз. Жемкорлук боюнча күрөш күчөдү. Бүгүн бул жаатта иш начар болуп жатат деп эч ким айталбайт. Бирок, иш бар жерде кемчилдик болот. Ал кемчилдиктерди жоюуга эл өзү дагы жардам бериш керек. Мисалы, азыр жумушчу күч жетишпейт, бирок, биздин жарандар башка мамлекеттерге кетип жатышат.Азыр өзүбүздө эле иштеп, жакшы каражат табууга болот деп ойлойм.
Негизи мамлекетибиз күчтүү, өнүккөн мамлекет болсо экен деп жакшы тилек кылалы. Эл башкаруу оңой иш эмес. Ошондуктан, баарыбыз жакшы максаттарды аткарууга көмөктөшүүгө тийишпиз.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мурдагы башчысы Кеңешбай Тайлаков: “Өлкөдөгү бардык тармактарда жылыштар арбыды”
— Мен экономист катары акыркы жылдардагы экономикалык өсүштөргө көңүлүңүздөрдү бурат элем. Буга макроэкономикалык көрсөткүчтөр толук далил боло алат. Мисалы, ИДПнын 1 триллиондон ашканы, соода жүгүртүү көлөмү ж.б. тармактарды карасак: курулуш, транспорт, тоо кен тармагы жана азыркы тапта энергетика тармагына чакан ГЭСтерди курууга, туризм тармагына да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилесек болот. Ошону менен катар салыктык кирешелердин кескин көбөйүшү, чакан жана орто бизнеске шарттарды карасак болот. Өлкө жетекчилигинин демилгеси жана өзгөчө көзөмөлү астында бардык тармактарда жүрүп жаткан реформалар жана чечкиндүү кадамдар (УКТнын жок болушу, жемкорлуктун төмөндөшү, санариптештирүү саясатынын туура жолго коюлушу, өндүрүш көлөмүнүн өсүшү) өз жемишин берип, калктын жашоосунда сезилип, колдоосуна ээ болуп жатканы талашсыз. Эгерде ушул ыргакта кете берсек, алдыңкы 5-10 жылда өлкөбүз өнүккөн мамлекеттердин катарына чыгары толук мүмкүн. Кудай буюрса бардык жагынан үмүт жанууда…
Журналист Эрнис Балбаков: “Бийликтин иштөө ыргагы абдан колдоого татыктуу”
— Бардыгы салыштыруудан байкалат эмеспи. Көзүбүз көрүп жаткан жакшы өзгөрүүлөрдү кантип жокко чыгарасың? Чындап эле көз тийбесин, азыркы бийликтин иштөө ыргагы мага абдан жагып жатат. Себеби, ачыгын айтканда, мурда Кыргызстанды тушап алган “мафиялар” көп эле. Бул жөн гана сөз эмес, ар бир жаран сезип турган чындык болчу. Ошол эле алтын, бажы, жер мафиясы эле эмес, жада калса карапайым элдин күнүмдүк жашоосуна таасир эткен маршрутка айдагандардын “мафиясы” бар болчу. Эсиңиздеби, алар каттамга чыкпайбыз деп таң атпай элди дүрбөлөңгө түшүрүп, бийликти, элди кадимкидей эле опузалашчу эмес беле? Бул абал кадимкидей эле коомдогу туруксуздукту жаратып, элди жадатып бүткөн. Кыргызстанды көптөгөн жылдар бою алсыратып келген “алтын мафиясына” да чекит коюлду. Бүгүнкү күндө Кумтөр толугу менен мамлекетке өттү жана өлкөгө миллиарддаган каражат пайда берип жатат. Бул жөн эле факт эмес, бул – эрк болсо, каалоо болсо, эң татаал маселелерди да бир заматта ордуна койсо болорлугунун айкын далили. Мурда мүмкүн эмес деп эсептелген нерселер азыр ишке ашып жатат. Бул өлкөнүн келечегине болгон үмүттү арттырып, элдин мамлекетке болгон ишенимин кайтарып жаткандыгынын белгиси. Мындай өзгөрүүлөр учурда коомдун бардык тармагында орун алууда. Кыргызстанды мафиялык топтордун таасиринен толук арылтууга, мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотууга көп аракеттер жасалууда. Бул жагын тартынбай, төш кагып айтсак да жарашат.
Калыгул Бейшекеев

