"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Статистика

Өлкөдө жеңил өнөр жай тармагында 128 миңден ашуун адам эмгектенет

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда текстиль жана тигүү өндүрүшү активдүү өнүгүп, 200гө жакын ишкана жана 3 миңге жакын жеке ишкер иштеп жатат. Тармакта 128 миңден ашуун жаран туруктуу иш менен камсыз болгон.

Ал эми жалпы өнөр жай тармагын ала турган болсок, 2025-жылдын январь-апрель айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнөр жайы орто эсеп менен 1,5 пайызга өстү.

Бул аралыкта эң жогорку көрсөткүч Кыргызстанда катталып, өнөр жай тармагы 14,5 пайызга өскөн. Мындан сырткары, Казакстанда — 6,6%, Беларусьте — 1,4% жана Россияда — 1,2% өсүш болгон.

Көрсөткүчтөр 2024-жылдын ушул мезгили менен салыштырылып чыгарылган.