"Эркин-Тоо"

ӨЛКӨНҮ ӨРГӨ ТАРТКАН КЫЗМАТТАШТЫК

Мамлекеттеги туура жүргүзүлгөн саясаттын ыргагында сырткы өлкөлөр менен алака катышыбыз бийик деңгээлге көтөрөлгөнү көрүнө баштады. Анын далили биздин ажонун үлкөн өлкөлөргө чакырылып жатканынан байкалууда. Өзгөчө, өнүккөн Европа мамлекеттеринин бизге назары бурулуп, кызматташтактын жаңы барактарын ачууда.

Буга чейин Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен барып, мамлекеттик масштабдагы жолугушуулар менен катар ири компаниялар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар экономикалык долбоорлорго кол койгон болчу.  Бул жолу 9-10-ноябрда Францияда иш сапары менен болду. Мамлекет башчысын өзгөчө кооздолгон Елисей сарайында Франциянын Президенти Эммануэль Макрон өзгөчө сый-урмат менен кабыл алды.

Сапардын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун имаратында Уюмдун Башкы директору Одрэ Азуле менен жолугушту. Анда Садыр Жапаров ЮНЕСКО тарабынан колдоого алынган Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча демилгелерин кубаттап, ар тараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи. Аадамзаттын маданий жана тарыхый мурастарын сактоо боюнча иш алып барган ЮНЕСКО менен тыгыз кызматташуу учурдун талабы. Биз муну кыргыздын акыл казынасы болгон Манас эпосу бөлөк бирөөлөрдүн атынан катталган маалда аябай сезгенбиз. Мындан ары андай кемчиликке жол бербей, уюмдагы жигердүү позицияны кармануубуз зарыл. Муну Садыр Жапаров дагы туура баамдап, уюм менен кызматташууну мындан ары бекемдөө максатында кыргыз тарап ЮНЕСКОнун башкаруу органына кайра шайлануу чечимине келгенин билдирди. Бул колдоого татырлык иш экенин баса белгилеп койгонубуз оң.

Андан соң Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясында сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды активдүү катышууга жана тоо экосистемаларын сактоо үчүн өзүнүн конкреттүү милдеттенмелерин киргизүүгө чакырды. Чындыгында эле кылымдар бою сакталып келген мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү климаттын ысышына байланыштуу учурда жок болуп кетүү коркунучуна кептелди. Биздин Кыргызстан бийик тоолуу өлкө болгондуктан, климаттын өзгөрүү шарттарында мөңгүлөрдүн эриши жана мөңгүлүү көлдөрдүн жырылуу коркунучу пайда болду. Былтыр БУУнун Башкы Ассамблеясы «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын бир добуштан кабыл алып, Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган, ал 2027-жылы жыйынтыкталат. Биз мындан пайдаланып калышыбыз зарыл.

Мамлекет башчысы Парижге жасаган сапарынын андан аркы тизгинин мамлекетке пайда алып келүүчү бизнес чөйрөсүнө буруп, дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүндө операция жүргүзгөн ири мунай-газ компаниясынын өкүлү, «Total Energies Renewables» компаниясынын вице-президенти Фабьен Демоль менен жолугушту. Аталган «Total Energies» – француз мунай-газ компаниясы, баш кеңсеси Парижде жайгашкан дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири экенин айта кетишибиз керек. Компания дүйнөнүн 130дан ашык өлкөсүндө операцияларды жүргүзөт. Мунай, газ өндүрүү, мунай иштетүү боюнча иш алпарып, миллиарддаган долларлык сооданы айландырат. Май куюучу, химиялык өнөр жай жана башка тармактарда бир катар ишканалары бар, кайра жаралуучу энергия тармагындагы энергетикага ээ.

Акыркы бир нече жыл аралыгында  «Total Energies» компаниясы ЭКБ секторунда (күн энергиясы, шамал энергиясы, гидроэнергетика) бир катар максаттуу долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында өндүрүштүк кубаттуулугун кыйла көбөйткөнүн айта кетишибиз керек. Компаниянын максаты — 2030-жылга чейин калыбына келүүчү электр энергиясын өндүрүү боюнча орнотулган дүң кубаттуулукту 100  гигаваттка жеткирүү болуп эсептелинет. Буларды кылдат анализдеген Садыр Жапаров сүйлөшүүдө маселени дароо кабыргасынан коюп, аларды кызматташууга чакырып, Кыргызстанда ал компаниянын филиалын ачууну сунуштады. Сунушту компания жеткчиси кабыл алып, ошол эле жерде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Total Energies Renewables SA» компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

«Бир Планета Полярдык Саммитинде» сөз сүйлөгөндөн кийин Мамлекет башчысы эки өлкөнүн 50дөн ашык компаниясынын ишкерлери катышкан биринчи кыргыз-француз бизнес-форумуна катышты. Мамлекет башчысы бул форумда Кыргызстан уникалдуу соода магистралында, тагыраагы, Улуу Жибек жолунда жана Европа менен Азиянын ортосунда жайгашканын белгилеп, соода жолдорунда пайдалуу географиялык жайгашуусу менен биздин өлкө Чыгыш менен Батыштын ортосундагы көпүрө боло аларын өтө жакшы, таамай жана таасын белгилеп берди. Бул сөзү менен алардын кызыгуусун огобетер арттырды. Дегенибиз, азыркы учурда «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоор активдүү иштеп чыгуу стадиясында турат. Мунун тезирээк бүтүшүн Европа өлкөлөрү абдан каалап турган маалы. Ошону менен бирге Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Европа багыты боюнча да «Түштүк транспорттук коридорунун» маршруту иштелип чыгууда. Бул дагы чоң рынокко жол ачары турган иш. Мындан улам Садыр Жапаров Франциянын ишкерлерин кыргыз ишкерлери менен активдүү кызматташууга чакырды. Мунун жемиши жакынкы жылдарда ачык сезиле баштайт.

Андан соң Президент «EDF» компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Люк Ремон менен жолугуп, компанияны Чаткал дарыясына ГЭСти биргелешип курууга жана бул багыттагы иштерди күчөтүүгө чакырды. Сөз кезеги келгенде Люк Ремон Кыргызстан менен олуттуу кызматташууга даяр экендигин белгилеп, кызматташуунун практикалык этабына өтүү үчүн Кыргызстанга кубануу менен келерин баса белгиледи. Бул дагы биздин өлкөгө сырткы инвесторлордун кызыгуусун арттырып жатканын ачык, айкын тастыктоодо.

«Électricité de France» (EDF) – компаниясы боюнча айта кетсек, мамлекетке таандык трансулуттуу электр компаниясы.  Башкы кеңсеси Парижде жайгашкан, 2016-жылдагы кирешеси 71,2 миллиард еврону түздү.  EDF Европада, Түштүк Америкада, Түндүк Америкада, Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Африкада кеминде 120 гигаватт кубаттуулуктагы ар түрдүү портфелди башкарат. EDF долбоорлоодон тартып бөлүштүрүүгө чейин электр энергетика тармагында адистешкен.  Компания атомдук энергетика, гидроэнергетика, шамал энергиясы, күн энергиясы, биомасса, геотермалдык энергия жана казылып алынган отун сыяктуу тармактарда иштейт.

Садыр Жапаров Париж шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, ошондой эле андан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды. Сүйлөшүү жүрүшүндө лидерлер эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде транспорттук жана соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана аларды өнөктөштүк деңгээлине чыгарууга даярдыгын билдиришти. Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макронду Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жыйынтыктай айтканда, Кудай кут кылсын дешибиз керек, тээ алыстагы Европа өлкөлөрү кол сунуп, кызматташтык бийик деңгээлге чыгууда. Алыс барбай, кечээки күндү эле карасак, алыскы өлкөлөр турмак, жаныбыздагы кошуналар менен ыркыбыз бузулуп, акыйнек айтышкан учурлар болбоду беле. Анын азабын ишкерлер менен карапайым калк тартып, Казакстандын чек арасынан кире албай турган күндөр өттү го. Ал күндөргө салыштыра карасак, мына бүгүн алдаканча бийиктикке чыгып, кызматташтыгыбыз океандын ары жагына чейин жетип отурат.

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

№90 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 14-ноябры

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!