"Эркин-Тоо"

ӨЛКӨНҮН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КООПСУЗДУГУ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аймактарга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Токтогул гидроэлектр станциясынын жалпы абалы жана иши менен таанышты. Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. «Учурда Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда, анын алкагында ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты орнотулуп, ал бир нече убакыттан бери тесттик режимде иштеп келген. Азыр агрегат толук түрдө ишке киргизилүүдө» деди ал. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Каракөл ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышты, анын наркы болжолдуу түрдө 25 млн АКШ долларын түзөт. Ошондой эле Талас облусунун Манас районунда жайгашкан «Бала-Саруу» ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшүн да көрдү