Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдыгы Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда белгиленди. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, эл аралык Түрксой уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Евразия жазуучулар союзунун башчысы Уфук Тузман, ТҮРКСОЙ жазуучулар союзунун башчысы, казак жазуучусу Улугбек Есдаулетов, Өзбекстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Гайрат Межидов, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жана акын-жазуучулар катышты.
Салтанаттуу жыйынды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов ачып, алгачкы сөздү Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго узатты. Төрага өз сөзүндө мамлекет тарабынан Жазуучулар союзуна берилүүчү жардамдар тууралуу айтып, мына буларга токтолду:
“Алгач баарыңыздарды Президентибиз Садыр Нургожоевичтин атынан жана Министрлер Кабинетинин атынан мааракелүү майрамыңыздар менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Сөздүн гүлүн терип, орошон ойлорду камырдай жууруган, сөз баккан акын-жазуучулардын алдында чыгып сүйлөө өтө жооптуу иш. Адабият бул каада-салттар, үрп-адаттар, заманбап идеялар менен чырмалышкан жандуу жана көп катмарлуу процесс. Кыргыз адабияты кандай доор болбосун кайталангыс адабият. Кыргыз жазуучуларынын тарыхы бул жөн гана чыгармалардын жаралуу хроникасы эмес, ал бай оозеки салты жана эпикалык мурасы, жазма адабияты менен байланышкан уникалдуу тарыхый жол.
Президенттин колдоосу менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун имараты мындан ары такай оңдоп-түзөөдөн өтүп турат. Коммуналдык төлөмдөрүн чечебиз деп сөз беребиз. Быйыл 25 миллион сом бөлүнүп, 75 жазуучунун китеби жарыкка чыкты. Мындан ары китептин нускалары 3 миңден аз эмес өлчөмдө чыгарылып турмакчы. Ошондо сиздерге калем акы болуп, сиздердин эмгегиңиздерди актайт. Балдарга арналган чыгармалар жана котормолор үчүн 50 миң сомдук сыйлыгыбыз бар эле, аны 200 миң сомго көтөрүп жатабыз. “Жылдын мыкты китеби” сынагы эки жылдан бери уюштурулуп, 100 миң сомдон байге берилип келген. Бул сыйлыктын баасын да жогорулатабыз. Эки жылдан бери “Алтын калем” сыйлыгын 7 номинация боюнча берип жатабыз. Быйыл дагы сыйлык алган ар бир авторго 100 миң сомдон сыйлык тапшырабыз. Ошондой эле парламенттер аралык Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык бар. Келечекте бул сыйлыктын өлчөмүн көбөйтүүнү карайлы деп жатабыз. Бул сыйлыкты Кыргызстандан эки жазуучу алды. Жаштар арасындагы Айтматов атындагы сыйлыктын байге фондун көтөргөнгө да даярбыз. Азыр түрк тилдүү акын-жазуучулар үчүн биздин даанышман Жусуп Баласагын атындагы эл аралык сыйлыкты уюштурууну сунуш кылып жатышат. Муну дагы биз колдоп беребиз. Кыргыз адабиятынын 100 томдугун чыгаралы деп аракет көрүп жатасыздар. Бул демилгеге да сөзсүз түрдө жардам беребиз. Жазуучулардын “Арашан” чыгармачылык үйү жазуучулардын карамагына өтүп жатат. Президенттин иш башкармалыгы тарабынан аны да толук бойдон оңдоп-түзөп беребиз. Ал жай сиздер бир эле учурда дарыланып, эс алып, чыгарма жарата турган жайга айланат. Жакын арада аны бүтүрүп беребиз. “Ала-Тоо” адабий журналы көп жылдардан бери чыкпай калган экен, аны бюджет аркылуу каржылоого даярбыз”.
Ал эми эл аралык Түрксой уюмунун Баш катчысы Султан Раев кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, баалуулуктарын чагылдырган адабиятыбыз келечекте жаңы ренессанс жаратарына ишенерин билдирди:
“Тарых боюнча адабият жана жазуучулук өнөр согуш, экономикалык кризис, миграция толкундары, эпидемиялар жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык окуяларга жооп берип келген. Бул окуялар адабий чыгармаларда күчтүү из калтырып, коомдун эмоционалдык дүйнөсүн, баалуулуктарын жана көз карашын өзгөрттү. Мына бүгүнкү күндө да адабият мунун ичинде жазуучулук өнөр дүйнөлүк окуялар жараткан башаламандыкты жана белгисиздикти туура чагылдыруу менен коомго күзгү болууда.
Ооба, азыркы тапта согуш, экономикалык кризис жана саясий кысымдардан улам күчөгөн миграция жазуучулардын эң маанилүү темаларынын бирине айланды. Иммигранттардын окуялары, адамдык укук маселелери, улуттук иденттүүлүк жана маданий конфликттер заманбап адабияттын өзөгүн түзүп олтурат.
Арийне, адабият глобалдык окуяларга карата түздөн-түз чечүүчү роль ойнобосо да, коомдук аң-сезимди жогорулатууда жана окуяларга сын көз менен баа берүүдө маанилүү роль ойнойт деп айтсам жаңылышпайм. Бирок, биз түрк тектүү жазуучу-акындар баарыбыз чогулуп, жогорудагы окуяларга карата калемибиз даярбы же даяр эмеспи деген суроонун үстүндө кызуу талкуу жасашыбыз керек».
Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиевдин демилгеси менен Айтматовдун 100 жылдыгына карата Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2028-жылды “Айтматов жылы” деп атоо тууралуу декларация кабыл алынды.
Өмүрбек Тиллебаев