"Эркин-Тоо"

Өмүрүн илимге арнаган инсан

Абай салып караган адамга бу өмүр дегендин өзү бир көз ирмемдей эле таасир калтыргансыйт. Жарык дүйнөгө келген соң адамзат там-туң басып эне мээримине бөлөнүп, бул аааламды тааныйт, айлана-чөйрөдөн таасир алып алдына зор максаттарды коёт. Алыска сабалап учат. Канында катылган дарамет-жөндөм, өнөр-шыктын аркасында тирилик улайт. Билимге ынтызар болгону окуп кесипке ээ болот. Үй-бүлө күтөт… Уул-кызды тарбиялайт. Кагылып-согулат. Бирде жыгылып, бирде туруп чыйралат. Турмуштун ак-карасын айра тааныйт. Анан инсандык ыйык парзды так өтөйм деген акылга мол адам Мекен алдында өз милдетин өтөп туруп, өмүрдөн учат…

        Бир караган адамга мына ушунун баардыгы узак жылдарга созулгандай. А аныгында, көртирлик көйгөйү, тоскоолдуктардан майышпай аттап өтүп, бийик эркке, эмгекке шыктанган пенденин бул ааламда сүргөн жашоосу көзгө илешпей, бачым учуп өтөт тура. Өмүргө моокум канбай аттиң деп бармак тиштей, соңу келип өкүнүч коштоп, көздөн жашыбыз төгүлөт. Арга канча? Бу жазмыш өзү ушундай! Төрөлмөй… Там-туң басып анан наристелик сезим менен айлананы кирсиз таза бойдон кабылдап, дүйнөнү таанымай. Акылыңа акыл кошулуп, эрезеге жеткен соң, эртеңки күндүн камын көрмөй. Жыйынтыктап айтканда, турмуштун бороонуна туруштук берип чымырканып, сыноолордон сынбай өтүү, анан да кайда гана болбойлу адам деген ыйык атты татыктуу кармап, өмүрдүн өтөөсүнө чыгуу – биздин башкы вазийпабыз эмеспи!?

Тирүүлүктүн наркы канча? – деген сан түркүн суроолордун тегерегинде ой жоруп көрүп, коомго өз салымымды канткенде кошом деп убайымга батуу – кылымдар бою адамды адам кылып кармап келе жаткан эреже. Маңдайыбызга канча жылдык өмүр жазган, бул бир Кудайга гана маалым. Аз жашайбызбы, узак өмүргө ээ болобузбу, муну да айта албайбыз. Бир билгенибиз, адам деген ыйык атты татыктуу көтөрүп, өмүрдөн өтүүнүн өзүнөн өткөн бакыт жок. Мына ушул айтылган ойлорду дайым дилине бекем сактап, өмүрү өткүчө илим, билим берүү деген сөздөрдү кастарлаган инсандардын бири чыгаан илимпоз, көрүнүктүү инсан Айсалкын Асановна. Ооба, Айсалкын Асановна илимде  өзүнүн чыйырын салган адам эле.

Эженин потенциалын ошол 1960-жылдары эле Союзда борбордук саналган Москвадагы технологиялык окуу жайга даап тапшырганынан байкасак болот. Ошол окуу жайды бүтөөрү менен көп узабай Г.В.Плеханов атындагы эл чарба институтунда кандидаттыгын коргогон. 27 жаштагы алыскы тоолу республикадан келген кыз үчүн бул албетте чоң көрсөткүч эле. Бул айымдын эмгекчилдигине, максатка умтулуусунун күчтүүлүгүнө таң калбай койууга болбойт. Эмгек жолун жогорку окуу жайларынын флагманы болгон Улуттук университететте окутуучу, доцент, профессорго чейинки жолду басып өтүүдөгү кыйынчылыктар, карама-каршылыктар, үй-бүлөнүн түйшүгү баарын жеңип, өзүнүн илимдеги, кыргыз билим берүүсүндөгү татыктуу орун тапкандыгында. Адатта илим жолун тандап ага баш оту менен кирген адам үй-бүлөлүк, турмуштук жактан аксап калат. Эже болсо баарын ийгиликтүү алып кетип, бараандуу илимпоз эле эмес, үйдүн куту энеликти, жубайлык ыйык вазыйпаны да мыкты алып кеткени менен өзгөчөлөнөт. Анын өмүрлүк жолдошу Сейитбек Жумалиев агай да илим чөйрөсүнүн өкүлү катары көп жыл политехникалык окуу жайда, улуттук илимдер академиясында окутуучу, профессор болуп иштеп, техникалык адабияттарды кыргыз тилине которгон өз элинин патриоту болчу. Ал киши Борбордук комитетте инструктор, республиканын коммунистик партиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин жардамчысы, өлкөбүздүн Архив кызматынын жетекчиси кызматтарын аркалап жүрсө да адамдык бийик сапаттарды баккан инсан болгонун эскеришет. Ал кишинин эмгеги эл аралык деңгээлде да бааланып, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Бүткүл дүйнөлүк эскерүүлөр” комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

Мына ушундай үй-бүлөлүк бекем тыл Айсалкын Асановнаны жеке сапаттары менен айкалышып, анын көрүнүктүү илимпоз катары калыптанышына таасир этсе керек. Айсалкын эже Улуттук университетте Башкаруу жана бизнес институтун түптөөнүн башатында туруп, аталган институтта окуу жайдагы эң кадыр-барктуу факультетке айлантты. Институттун эл аралык кызматташтыгын жакшы жолго коюп, заманбап багыттарды ачты. Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон жетекчи өмүрүнүн акырына чейин университетке өмүрүн арнады. Ал сунуштаган идеялар ар дайым колдоого алынып, иш жүзүнө ашчы.

Баса, Айсалкын Асановна менен Сейитбек агай жарык дүйнөгө алып келип, тарбиялап чоңойткон эрезеге жеткирген уул кыздары жөнүндө айтпай койууга болбойт. Улуу кызы Мээрим энесинин жолун жолдоп М.Ломоносов атындагы атактуу МГУну бүтүп, экономист кесибин аркалаган. Учурда Мээрим үй-бүлөсү менен АКШнын Коннектикут штатында жашайт жана медициналык технологиялар, кызмат жана чечимдер тармагында иш алып барган абройлуу “медтроник” деп аталган ири эл аралык компанияда каржы директору. Уулу Кубат кесиби боюнча юрист, Ж.Баласагын атындагы КУУдан билим алган, кийин Колумбия университетинин Укук мектебинде “укук магистри” жана доктору даражасына ээ болгон. Учурда Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясында эксперт болуп иштейт.

Кичүү кызы Жылдыз да апасынын жолун жолдоп, Борбордук Азиядагы Америка университетинде Бизнести башкаруу программасын артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Улуу Британияда санариптик технологиялар багытында магистратурада билимин улантып, ири бизнес мекемелерде стажировкадан өткөн. Учурда үй-бүлөсү менен Лондондо жашап, Британ өкмөтүндө эмгектенет.

Мындай чоң ийгиликтерди жараткан үлгүлүү үй-бүлөнүн жаралышы, калыптанышы өзүнчө эле дастан. Андай ийгиликтүү, ары бактылуу үй-бүлөнү коомго берүү чоң сыймык. Ошол Айсалкын Асановна өтөгөн сыймыктуу, ары даңазалуу өмүр далай үй-бүлөлөргө өрнөк болоорунда шек жок.

Айсалкын Асановна деген ысымды угаар замат аны жакындан тааныган тели-теңтуштары, классташтары, курсташтары, кесиптештери бир эсе зор сыймык артып, анан арман коштой өкүнүч менен эстешет. Себеби, бир туугандары, жакын санаалаштары Айсалкын эжени мезгилсиз эле бул жалгандан көчөт деп эч качан күткөн эмес. Айсалкын Асановнанын тажыясына келгендерден эч бир жан аны кара жердин түбүнө жашырууга даабай, көздөрүнөн жашын көлдөтүп турушту.

Чыгаан илимпоз, тубаса жетекчилик касиетке ээ, илим менен кудук казган иштермандыктын бийик үлгүсүн айланасына айкын далилдеп өткөн Айсалкын эже жигердүүлүгүнөн жазбай эмгектенип, аспирант, докторанттарды чыгарып дагы деле күчүндө болчу. Ал деги эле тыным албаган эмгекчил идеялардын генератору эле. Ушул жерден казактын кайсы бир акыны:

       Дүйнө чиркин, жалган ай,

       Жалгандан көңүл калган ай.

       Көгөрүп келип өмүргө,

       Көмүлүп кеткен арман ай! – деген өкүнүч, ыза аралаш жараткан саптарын аргасыз эстедим.

Ооба, өлүм арман. Арийне татыктуу өмүр сүрүп, артында таасын из калтырып өткөн Айсалкын эжедей адамдар сыймык менен эскерүүгө татыктуу.

 

 

Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ

саясий илимдердин кандидаты,

доцент, докторант

№89 «Эркин-Тоо» гезити

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!