"Эркин-Тоо"

Өмүрбек Бабанов Жорго салыш федерациясынын президенти болду

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жорго салыш федерациясынын президенти болду. Бул туурасында федерациядан билдиришти.

2-февралда республикалык Жорго салыш федерациясынын башкармалыгынын кезексиз жыйыны өтүп, анда ишкер Бабанов президент болуп шайланган.

Ал 2011-2012-жылдары премьер, кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2017-жылкы президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеген. Бабанов саясаттан сырткары болуп мындан ары бизнес менен гана алектенерин айткан.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!