Өткөн жумада Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Карымбаев 2022-жылы айыл аймактын социалдыкэкономикалык өнүгүүсүнүн иш-мерчемдериндеги жасалган иштери боюнча эл алдында маалымат берди. Жылдын жыйынтыгын чыгаргандан кийинки маалымат берүү жыйынына Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Төрөгелди Түркбаев өзү катышты. Жыйынга андан тышкары жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөткө караштуу айылдардын тургундары жана райондук мекеме-уюмдардын башчылары катышты. Жыйындын жүрүшүндө сөз алган райондун акими Төрөгелди Түркбаев алгач Ак-Башат айыл өкмөтүнүн жашоочуларын жыл ичинде жашоо-шартты жакшыртуу үчүн жасаган алгылыктуу, ийгиликтүү иштери үчүн ыраазычылык билдирип, жемиштүү натыйжалары менен куттуктап өттү. Андан соң айыл өкмөттүн башчысы Карымбаев Уланбек Темирбекович жыл жыйынтыгын чыгарган маалыматтарын баарына көрүнүп турган интертактайга чагылдырып, залдагы элге кеңири маалымат берди.
— Ак-Башат айыл аймагы Новониколаевка, Ак-Башат, Арал, Айдарбек айылдарынан турат.
— Жалпысынан калктын саны – 10 029 адам, анын ичинен Новониколаевка айылында – 8319, Ак-Башат айылында – 857, Айдарбек айылында – 542, Арал айылында – 311 адам жашайт.
— Кожолуктун саны – 2 680.
— Ак-Башат айыл өкмөтүндө 2 мектеп, 3 бала бакча, 2 маданият үйү, №8 ҮДТ, ФАП бар. Ак-Башат айылында 1 Спорт комплекс, 1 кичи футбол аянтча, Новониколаевка айылында 1 кичи футбол аянтча сергек жашоонун күйөрмандарына кызмат кылып келет.
БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕ БӨЛҮГҮНҮН АТКАРЫЛЫШЫ
— Ак-Башат айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүндө 28162,2 млн сом каралган болсо, иш жүзүндө 29927,6 млн сомго, же план 106,5%га аткарылды.
Кыргыз Республикалык Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын Новониколаевка айылында 100 орундуу бала бакча курулуп ишке киргизилди. Долбоордун жалпы бюджети 32027617,3 сом. Ислам өнүктүрүү банкы 23213059,2 сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8814558,1 сом каржыланды. Бул бала бакчанын ачылышы менен 20 жумуш оруну менен камсыз болду.
Чүй өнүктүрүү фонду тарабынан 10166,3 млн сом кошумча каржылоосу жана Ак-Башат айыл өкмөтүнөн 3175,3 млн сом бөлүнүп, Ак-Башат жана Айдарбек айылдарында узундугу 7 км. аралыгындагы таза суу түтүктөрү толугу менен которулуп, пайдаланууга берилди.
Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп, Арал айылына балдар ойной турган 150,0 кв.м. аянтча курулду. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 602 миң сом акча каражаты каралып, айдоо аянттарындагы 17 км. келген ирригациялык системалар тазаланды жана лотоктор алмаштырылды.
Ошондой эле Ак-Башат айылында кичи футбол аянтчасы курулуп, ага Чүй облусунун өнүктүрүү фондусу тарабынан 5928,8 млн сом, жергиликтүү бюджет эсебинен 480,7 миң сом, жалпы суммасы 6409,5 млн сом жумшалды.
Айылдын аймагын тазалоо жана таштандыларды чыгаруу максатында «Тазалык» муниципалдык ишканасы түзүлүп, анда 5 жумуш оруну түзүлдү.
Новониколаевка маданият үйүнүн аймагы дубал менен курчалды. «Жашыл мурас» программасынын негизинде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жергиликтүү бюджеттен 92500 миң сом жумшалып, муниципалдык мекемелеринин аймактарына «Ак-Тилек» жана «Балалык» бала бакчаларында жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын акча каражаттарынын эсебинен Новониколаевка айылынын кире беришинде стела орнотулду.
Ички жолдорду оңдоо боюнча 15 км. жолду грейдерлөө иштери жасалды.
АЙЫЛ ЧАРБА ТАРМАГЫ
Ак-Башат айыл аймагы боюнча жалпы 6195 га жер катталган, анын ичинен 4566 га дыйкан чарбалардын үлүш жерлери, 1264 га. мамлекеттик кайра бөлүштүрүү Фондунун (ГФСУ) жерлери, 365 калк жашаган жерлер (приусадебные участки). 4566 га дыйкан чарбалардын жерлеринин 3145 га сугат жер жана 1421 га кайрак жер деп катталган. Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү Фондунун (ГФСУ) жерлерин иштетүү боюнча 181 дыйкан чарба менен келишимдер түзүлгөн. Анын ичинен жалпысынан 47 га жер тилкеси аз камсыз болгон 11 үйбүлөөгө бөлүнүп берилген. Орточо ижара акысы ушул күнгө чейин 1914 сомду түзгөн болсо, азыркы учурда ижара акылары көтөрүлүүдө. Анын ичинен 632 га райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлдү.
Айыл аймагындагы 30 га жерге 2022-жылы тамчылатып сугаруу системасы менен сабиз эгилген. Андан тышкары 2052 гектарга күздүк дан эгиндери жана 302 га арпа айдалган. Жаздык буудай 300 га жана жаздык арпа 1581 гектарды түзөт. Кант кызылчасы 260 гектарга айдалса, аш сабизи 176 га айдалган. Бахча өсүмдүктөрү 120 гектарды түзүп, 9 гектар жерге күнөскана куруу каралып иш жүзүнө ашырылууда.
Айыл аймагыбызда жайыттар тууралуу маалымат бере кетсек, жалпысынан 10800 гектарды түзсө, анын ичинен жарактуусу 4773 га деп эсептелинет. 4773 га жайыт жерибиздин 3632 гектары Суусамыр өрөөнүндөгү алыскы жайыттарга кирип, 1141 гектары жакынкы жайыттарга кирет.
СОЦИАЛДЫК КОЛДООЛОР
Айыл аймагында Ооган согушунун 22 ардагери бар. Советтик Куралдуу күчтөрүнүн чектелген контингентинин Ооганстандан чыгарылуусунун 30 жылдыгына карата жергиликтүү бюджеттен 62 000 сом бөлүнүп, атайын иш-чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле Эл аралык аялдар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 90 000 сом бөлүнүп, 225 аялга сый дасторкон уюштуруп бердик. Апрель окуясына карата жергиликтүү бюджеттен 10 000 сом, Чернобыль кырсыгына катышкан адамдарга жергиликтүү бюджеттен 12 000 сом, 9-май Улуу жеңиш күнүнө карата 36 000 сом, Энелер күнүнө карата 16 000 сом, Балдар күнүнө карта 15 000 сом, күзгүкышкы жылытуу мезгилине карата 80 адамга 320 000 сом каралып, атайын майрамдык маанай тартуулап келебиз.
Карылар күнүнө — 51 000 сом, майыптар күнүнө карата 63 500 сом, 90 жаштан жогорку карыларга баштыкча 25 000 сом, “Нурлуу балдар” үйүнө 5000 сом, Балдарга жаңы жылдык белекке 45 000 сомдук жардам берилди. Айыл амагындагы материалдык жактан колдоого муктаж болгон 32 адамга жалпы жонунан 109 000 сом жумшалды. Жыл сайын уюштуруп келген мындай ишчаралар айыл өкмөтүнүн администрациясынын күн тартибинде турган маанилүү маселе болуп эсептелет.
2023-ЖЫЛГА СОЦИАЛДЫКЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫ
Быйылкы жылы Ак-Башат айыл аймагында жасала турган иштер көп. Атап айтсам, Чүй облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 29 млн сом суммасында сугат тармактарына керектелүүчү лотокторду алмаштыруунун долбоор келишими түзүлгөн. Андан башка Ак-Башат айылындагы «Ак-Тилек» бала бакчасын капиталдык оңдоо иштерин колго алабыз. «Балалык» бала бакчасынын айланасын көрктөндүрүү жана кошумча балдар аянтчасын куруу каралууда. Бала бакчасынын кошумча курулуштарын жана көрктөндүрүү иштерин АРИСтин колдоосу менен жүзөгө ашырабыз. Новониколаевка айылындагы сейил багын көрктөндүрүп калыбына келтирүү Чүй облустук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдалууда.
Ошондой эле жерлерди бир категориядан экинчи категорияга өткөрүү (трансформациялоо) иштери жүргүзүлөт. «Ас-Салам» коомдук фонду менен бирдикте аймактагы таза суу түтүкчөлөрүн толук алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Новониколаевка айылындагы спорт зал куруу иштерин аяктап, ишке киргизүү алдында турат.
Ички жолдорду оңдоо жана көчөлөргө жарыктандыруу иштери жергиликтүү бюджет эсебинен жүргүзүлөт. Бир чакырым жолго асфальт төшөлөт.
Ошентип Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Карымбаев жыл жыйынтыгы менен жыйын катышуучуларын тааныштырып бергенден кийин, эл тарабынан айтылчу сын-пикирлерге, суроо-талаптарга көңүлүн бурду. Негизинен Ак-Башат айыл өкмөтүнүн калкы тарабынан адамдардын, өзгөчө окуучулардын, жаштардын өмүрүнө коркунуч келтирген жайларды түнкүсүн жарыктандырып, коркунучтарды жоюу, коомдук жайларда баш аламандыкты жаратып, бекерчилик менен алек болгон инсандарды тактап, алар менен иштөө керектигин, алардын араккечтик, баңгилик менен алектенүүсүнө жол бербөө керектиги баса белгиленип, ар кандай жүйөөлүү сунуштар айтылды. Айыл аймагынан турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү үчүн кайрылган арыз ээлери дагы ушул маселени тездетүүнүн кандай жол-жоболору бар экендигине жана бул багытта кандай чечкиндүү иш-аракеттердин болуп жаткандыгына кызыгышты.
Райондун акими Түркбаев Төрөгелди мырзанын аймакка тиешелүү болгон ар бир маселеде кеңири маалыматы бар экендиги жыйын катышуучуларын терең ыраазы кылды. Ой-пикири, сурооталабы менен кайрылган ар бир жаранга өзү дагы жооп берип, кеңири маалыматты берип жатты. Айылдыктар үчүн маанилүү болгон маселелердин ар бири анын көңүл чордонунда болуп, талапка ылайык чечүүнүн жолдорунун айланасында иштеп жатканын Төрөгелди мырза ынанымдуу далилдеп, айтып берип, аймак элин ыраазы кылды.
Өзгөчө турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу суроолор узатылганда ал: “Урматтуу Ак-Башат айылынын тургундары, Президент Садыр Жапаров ушул маселеде атайын мыйзамдардын айланасында иштөөнү талап кылууда. Жер бөлүп берүү маселесин карап жатабыз. Буюрса, чечилет. Биздин мамлекетте үй-жайларды куруу үчүн жерлерди бөлүштүрүү жаатында көп айтылууда. Элетте ар бир инсанды турак жай, бакубат жашоо менен камсыз кылуу үчүн канчалаган зор аракеттер көрүлүп жаткандыгына өзүңүздөр күбөсүздөр. Сиздерден дагы колдоолорду, жарандык позицияңыздардын так, жарык болуусун каалайбыз” деди өз кезегинде.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары кандай иштеп жатышкандыктары туурасындагы талкууда эл тарабынан айрым депутаттар сынга кабылды. Депутаттык мандатка ээ болушкандан кийин, эл алдында берген убадаларын аткарбаган эл өкүлдөрүнүн мандатын эл үчүн иштеп бере турган жаштарга алып берүү маселесин карап, депутаттарга эскертүү берилди.
Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйындын соңунда АкБашат айыл өкмөтүнүн башчысы Карымбаев Улан мырза: “Ушул бүгүнкү мага берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элиме, айылдаштарыма, замандаштарыма чоң ырахматымды айтып, ыраазычылык билдирем. Улуу-кичүү агаларыма, инилериме, апаларыма, эже-карындаштарыма бекем ден соолук, бактылуу өмүр, бакубат жашоо каалайм. “Туулган жердин топурагы алтын” демекчи, аймагыбыздын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жасап жаткан изги ниеттериңиздерди жакшылыктар коштоп, болочокто төрт тарабы келишкен, өнүгүп-өскөн, гүл жыттуу аймактардын бири бололу деген ниетимди билдирем” деп коштошту.
Аймактын элинин максаттилектери орундалып, үстүбүздөгү жылда жаңы ийгилик-жетишкендиктер акбашаттык замандаштарыбызды коштоп жүрсүн.
Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы