Жыл башынан бери Ош облусунун аймагында өнөр жай багытындагы 92 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында айтылды. Бул аралыкта жалпы 993 жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, өнөр жай тармагында жалпысынан 1 млрд 928,4 млн сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлгөн.