Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 17-декабрда «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасында болду. Министрлер Кабинетинин чечими менен аталган заводдун өндүрүштүк цехтери өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруу, социалдык маанидеги долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Кыргызиндустрия» ААКсына убактылуу пайдаланууга берилген. Учурда заводдун аймагында «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому ишке ашырып жаткан бир катар долбоорлор иштейт. Акылбек Жапаров «Кыргызтопчу», «Кыргызтемирмык», «Кыргызэлектроника», «Кыргызбетонкурулуш» ишканаларынын ишмердиги менен таанышып чыкты.

