Таланттуу акын Курбаналы Сабыровдун кичи мекени Лейлек районунда акындын туулган күнүнө жана анын атын алып жүргөн “Өрүкзар” поэзия фестивалынын уюшулгандыгынын 35 жылдыгына карата ыр майрам болуп өттү. Фестивалга Казакстан, Өзбекстандан акындар келип катышты.
Баарынан да ачык асман алдында, өрүкзардын ичиндеги ыр майрам келген меймандардын эсинде калды. Анда сынакта финалга чыккан жаш акындар Максат Жангазиев, Гүлүмкан Исаева, Махабат Касеинова, Бүкалча Маматали кызы жана Сапар кызы Жибектер чыгып ырларын окуп беришти. Өрүкзарды жаңыртып кыяктын, комуздун үнү жаңырды. Фестивалдын расмий иш-чарасы эртеси Лейлек районунун борборундагы Маданият үйүндө болду. Адегенде Баткен облустук драма театрынын артисттери тарабынан акын Курбаналы Сабыровдун балалык чагын, өмүр жолун чагылдырган инсценировка коюлду. Андан соң фестивалдын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, акын Абдилаат Дооров фестивалдын ишин ачык деп жарыялады. Республиканын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып сөз сүйлөп, ыр майрамдын катышуучуларын куттуктап, фестивалдын ишине ак жол каалады. Ыр майрамга жаш акындар менен бирге орто, улуу муундагы акындардын өкүлдөрү да катышты. Акындар Жедигер Саалаев, Өмүрбек Тиллебаев, Атахан Кожогулов, Айжаркын Эргешовалар чыгып жаңы ырларынан окуп беришти. Андан соң белгилүү обончу Бабаравшан Тургунбаев акын Курбаналы Сабыровдун сөзүнө жазылган обондуу ырларын аткарып берди. Казакстандан, Өзбекстандан келген акындар да ырларын окушту. Эми кезек ыр майрамдын эң чечүүчү финалына, сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине келип жетти. Баш байге, гран-при жаш акын Максат Жангазиевге (диплом жана 100 миң сом) ыйгарылды. Биринчи орунга жаш акын Гүлүмкан Исаева (диплом жана 70 миң сом) татыктуу болду. Экинчи орун жаш акын Махабат Касеиновага (диплом жана 50 миң сом), ал эми 3-жана 4-орунду (диплом жана 35 миң сом) жаш акындар Бүкалча Маматали кызы менен Сапар кызы Жибек алышты.
Фестивалдын алкагында Раззаков шаарынын бир көчөсүнө акын Курбаналы Сабыровдун ысымы берилди. Ысым демекчи, мен фестивалда айта турган айрым сөздөр убакыттын тартыштыгынан улам айтылбай калды. Мындан 3 жыл башта Бишкек шаарынан бир көчөнүн атын акын Курбаналы
Сабыровдун ысымы менен атоо тууралуу кат жазып, ага Кыргыз эл баатырлары, Жогорку Кеңештин депутаттары кол койгон. Мен ал катты Бишкек шаардык кеңешине алып барып берген элем. Бирок, алар шаарда көчөлөргө кишинин атын коюуга мораторий жарыяланганын айтышкан. Ошону менен ал иш токтоп турат. Ал эми Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бозогүл айылына мындан 5 жыл мурда эле акын Курбаналы Сабыровдун ысымын ыйгаруу тууралуу демилге көтөрүлүп, аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аким, айыл өкмөт башчылары колдоого алып чыгышкан. Ал турсун айылдын кире беришине “Курбаналы
Сабыров атындагы айыл” деген тактайча да жазылып коюлган. Бирок, 5 жылдан бери айылга акындын атын берүү сөз жүзүндө гана айтылып, арабөк бойдон калып келүүдө. Акындын аты тактайчада жазылган бойдон эле калыптыр. Мен бул ирет барганымда да элден атайын сураштырдым. Жергиликтүү эл бүт расмий документтер азыркыга чейин мурдагыдай эле Бозогүл айылы деп жазылып келе жаткандыгын айтышты. Лейлек районунун азыркы акими Канимет Осмонбеков бул ишти кайрадан колго алып, Бозогүл айылына акын Курбаналы Сабыровдун ысымын расмий түрдө ыйгарат деген илгери үмүттөбүз.
Өмүрбек Тиллебаев