Суук аба ырайынын башталышы менен электр жана жылытуу приборлорунун тез-тез иштешине байланыштуу турак жайларда өрт чыгуу ыктымалдыгы жогорулайт.
Кырсыкты болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу иш-чараларды көрүү зарыл:
— жылытуучу электр приборлорду, мештерди пардалардан жана эмеректерден алыс коюу, отко чыдамдуу таянычтарда жакшы абалда кармоого;
— кубаттуу электр приборлорун бир тармакка кошууга жол бербөө, бул электр тармагында ашыкча чыңалууга алып келет;
— колго жасалган электр жылыткычтарын колдонбоо;
— үйдөн чыгаардын алдында газ жана электр жабдуулары өчүрүлгөндүгүн текшериңиз;- балдарга дайым көңүл буруңуз, ымыркайларды кароосуз калтырбаңыз.
Жылытуу мештери иштетилген үй чарбаларынын жашоочулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
— жылытуу мештерин, эгерде бар болсо, өз убагында оңдоого;- морлорду көөдөн тазалоо;
— мештин дубалынын жана мордун жаракаларын кум-чопо эритмеси, гипс жана актоочу мештер менен жабуу;
-Үйүңүздү өрттөн коргоп калууда коопсуздук эрежелерин сактоо сизди жана жакындарыңызды кыйынчылыктан алып калаарын унутпаңыз;
-Тепкичтер жана коридорлор коюу түтүнгө толсо, батирде калыңыз; Өрт өчүрүүчүлөр сиздин жайгашкан жериңизди билиши үчүн терезеге жакын барыңыз, көңүл бурдуруңуз!
Мураталы уулу Рысбек,
Бишкек шаардык Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери, капитан.