Өткөрмө бекеттерде абал туруктуу

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде абал туруктуу экенин КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, адамдардын жана унаалардын тыгыны байкалган жок.

Казакстанга кыргыз жарандарынын жана чет өлкөлүктөрдүн кирүүсү убактылуу чектелүүдө.

Казакстанда жүргөн чет өлкөлүктөр жана кыргызстандыктар Кыргызстанга «Ак-Тилек», «Чалдыбар», «Ак-Жол» жана «Чоң-Капка» бекеттери аркылуу кире алышат.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары да мекенине ушул бекеттер аркылуу өтө алышат.

«Каркыра» бекети Кыргызстандагы казак жарандарын гана кабыл алууда.

Ал эми жүк ташуучу машиналар эч чектөөсүз, COVID-19га каршы эрежелерди сактоо менен «Ак-Тилек», «Чалдыбар» жана «Чоң-Капка» аркылуу өтүп жатышат.

 

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст