Негизи себеп болбосо, натыйжа чыкпайт. Себеби, базардагы соодагерлердин ККМ аппаратын колдонуудан баш тартышы. Натыйжасы — ири базарлардын кожоюндарынын тынчын алган тартип маселеси козголду. Чынында бул бышып жетилген маселе болчу. Менимче ишти ушул жерден башташ керек эле. Анда эмесе сөз ирети менен болсун.
Моюнга ала турган нерсе – учурунда дал ушул соодагерлер Кыргызстанды улуу депрессиядан сактап калган. Жарандарыбыз өзүнө-өзү иш таап, каруусун казык кылып, мээнетин азык кылып, чет өлкөдөн товар ташып, өлкөбүздү багышканын унутпашыбыз керек. Мына ошонун натыйжасында ири бизнесмендердин плеядасы пайда болду. Бул жакшы жөрөлгө.
Акыркы учурларда салык саясатында реформалар жүргүзүлө баштады. Ар кандай реформа оңой жүрбөйт. Керек болсо коом түп көтөрүлө каршы болушу мүмкүн. Ошондуктан, түшүндүрүү иштери жакшы жолго коюлушу кажет. Тилекке каршы, соодагерлердин ККМ аппаратын колдонуудан баш тартып жатышынын бирден бир себеби, маалыматтын жетишсиздиги. Экинчиден, Президент Садыр Жапаров баса белгилегендей, реформаны ишке ашырууга салык кызматкерлеринин жеке кызыкчылыгы жолтоо болуп жатканынын дагы чындыгы бар. Бир мисал, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин учурунда Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча “жол карталарында” каралган иш-чаралардын алкагында Казакстан тараптан бериле турган 100 млн долларлык техникалык жардамынан биздин өлкөбүздүн баш тартуусун эрдик катары көрүшкөн учурунда. Бирок, муну бажы тармагында санариптештирүүнү кечеңдетүүгө болгон шылтоо деп түшүндү билгендер. Бажыдагы мафия кызылдай акчадан кол жууп калууну каалаган жок. Мамлекеттик кызыкчылык, эл аралык мамилелер аларды ойлондурбайт. Анын сыңарындай, салык кызматында дагы тазалануу керек. Президент Садыр Жапаровдун “Дордой” базарына өзү барганына караганда, аталган фискалдык органда баары телегейи тегиз эмес окшойт.
ККМ аппараты бүгүн кирбесе, эртең кирет. Канчалык эртерээк ККМ аппаратын пайдаланууну колго алсак, ошончолук пайдалуу. Муну соодагерлер эле эмес, коомчулук дагы колдошу керек. Айрым маалыматтар боюнча, Кытайдан Кыргызстанга өткөн товарлардын көлөмү 14 миллиард долларды түзсө, биздин статистикалык маалыматта 4 миллиард доллар болуп көрсөтүлүүдө. 10 млрд. доллардын изи жок, эч жерде көрүнбөйт. Мына “көмүскө” экономиканын натыйжасы. Демек, изин жашырган миллиарддаган суммалар биздин базарлардан эле кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүн кампайтууда. Ал эми базардагы 100 миңдеген сом ижара акысын төлөп, ысык-суукта каржалган калкыбыз контрабандисттердин, коррупционерлердин кызыкчылыгын коргоп, саясый куралга айланууда. Президент Садыр Жапаровдун, “Максатыбыз — сооданы жаңы баштаган же кедейликтен чыга албай жаткан жөнөкөй соодагерлерди тез арада бутуна тургузуп, эң жок дегенде орто байлардын деңгээлине жеткирүү. Биздин милдетибиз жана максатыбыз — жакыр адамдарды жакырчылыктан чыгаруу…” деген илгери үмүтүн түшүнө турган учур келди.
Эми базарларга келели. Президент Садыр Жапаров, “Кабар” маалыматтык агенттигине берген маегинде, “Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга Өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз…” деп маселени кабыргасынан койду.
Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев “Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деди УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып. Ошондой эле ири базарлардын кожоюндарынын айрымдарынын атын атап, алар базарлардан ири пайда көрүп жатканы менен мамлекетке, коомго, кол алдындагы соодагерлерге мамилесин өзгөртпөгөнүн баса белгиледи.
Президенттин жана Коопсуздук кызматынын башчысынын мындай билдирүүсү аты аталган базардын кожоюндарынын эле эмес, базардагы контейнер жана башка мүлктөргө ээ болгон нечендеген чиновниктердин түн уйкусун бузары айкын. Мамлекеттин укуругу узун экенин алар элден мурда билишет.
Ири базардын ээси деп аты аталган Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Президенттин билдирүүсүнө байланыштуу, жеке мүлктү Конституция, мамлекет коргошу керектигин, эгерде тышкы башкаруу киргизип койсо рейдерлик болуп каларын, тыштан башкарууну мамлекеттик ишканаларга гана киргизсе болот деген оюн “Азаттыкка” маалымдаган. Ал эми Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева ушул эле маалыматтык агенттикке берген маегинде, тышкы башкаруу киргизүү мыйзамсыз экенин белгилеп, “Ишкерлер ККМге каршы чыкса, өкмөт өзүнүн кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти базардын ээлерине оодарганы туура эмес. Митингдер тууралуу мүмкүн Президентке убагында маалымат берилбей калган чыгар…” дегендей жөндүү пикирин билдирген.
ККМди колдонуу боюнча талаш-тартыштан “Базар кандай болушу керек?” деген маселе келип чыкты. “Чындап эле базардын кожоюндары өзүнүн ижарчыларына тийиштүү шарттарды түзүп жатабы? Чатырын жаап коюп эле, 1-2 метрлеп жерин бөлүп берип, ижара акысын ала берүү канчалык адилеттүү?” дегендей суроолор жаралды. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таяна турган болсок, өлкөдө 335 базар болсо, ал базалардын 55и жекшемби, калган 279у күн сайын иштейт экен. Ачыгын айтканда мына ушул базарлардын дээрлик бардыгында ижара акысын төлөөчүлөр үчүн эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. Суукта болобу, аптаптабы өз арбайын тартып олтурган соодагерлердин абалын сураган эч ким жок. Базардын ээлери акча топтоо менен гана алек. Демек, бийлик туура маселе коюп жатат. А балким, ири базарлардын инфратүзүмдөрү заманбап шартка жооп бере тургандай талапты кое билген атайын мыйзам актылары керектир.
Салык боюнча реформага салыкчылар өзү даяр эмес экенин Президент баса белгиледи. Бул иш-аракет коррупцияны жоюуга, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга багытталганын айтып келгенибиз менен коомчулук муну түшүнгүсү келбейт. Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга ар бир соодагердин мойну жар бербей жатат. Татаал экени көрүнүп турат. Демек, салык кызматы дагы да заманбап жолду тандоосу зарыл. Президент Садыр Жапаров ККМ аппаратын киргизүүнүн мөөнөтүн 2024-жылдын 1-июлуна чейин узартып, атайын комиссия түзүп, өзү киришип иштей турган болду.
Бирок, жакшы жашоону калайбыз дагы, салык төлөгүбүз келбейт. Мамлекет башчысы өзү баш болуп маселени чечүүгө бел байласа, коррупционерлер менен чогуу күрөшөлү, бирге казынаны толтуралы деп алса, аны түшүнгүсү келбегендер чыгууда. Деги коомчулук эмнени көздөп жатат? Сөз соңунда заманыбыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун учурга үндөш төрт сабы ыры менен макалага чекит койгум келип турат. Анда,
Эмне биз, өзүбүзгө душманбызбы?
Баспасак жолдун нагыз, түз, калысын.
Мезгилге көө сүртүүгө чыкканбызбы,
Кылымдын каалайбызбы кыскарышын?, — демекчи, өлкөбүздүн жарды болушун каалайбызбы? Келгиле бирге ойлонолу!
Шекербек КАЛЫКОВ
№97 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 8-декабры