Өз алдынча тамак иче албаган балдарга операция жасоо жолу үйрөтүлдү
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда дарыгерлер үчүн атайын мастер-класс өткөрүлдү. Анда өз алдынча тамак жей албаган балдарга гастростомалык түтүктү орнотуу ыкмасы үйрөтүлдү. Мастер-классты «Биринчи балдар хосписи» коомдук фонду уюштурду.
Аталган түтүк түз эле ашказанга туташып, баланы тамактандырууга мүмкүнчүлүк берет.
Мастер-класска Казакстан менен Кыргызстандын жогорку квалификациялуу дарыгерлери катышып, операциянын баскычтарын көрсөтүп, операциядан соң бейтапка кам көрүү жана мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү алдын алуу жолдору талкууланды.
Дарыгерлер:
- Рустемов Дастан Зейноллаевич — жогорку категориядагы балдар хирургу, Астана шаарындагы UMC University Medical Center клиникалык академиялык балдар хирургиясы департаментинин директору;
- Арынова Алия Турсынгазиевна — балдар анестезиолог-реаниматологу, UMC University Medical Center (Астана);
- Кадыркулов Асылбек Жолдошбекович — Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар хирургу (Бишкек).
Бул ыкма өзгөчө неврологиялык дарт менен жабыркаган, церебралдык шал оорусу менен ооруган балдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.