2025-жылдын июнь айында дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдүн борбордук банктары жалпысынан 22 тоннадай алтын сатып алышты. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңеши билдирди.
Жалпысынан быйылкы жылдын алты айында дүйнө боюнча 123 тонна алтын сатылып алынган. Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 7 тоннага аз.
Июнь айында эң көп алтын сатып алган өлкө Өзбекстан болду. Өлкөнүн борбордук банкы 9 тонна алтын сатып алган. Андан кийинки орунда Казакстан турат (7 тонна алтын). Ал эми Чехия, Түркия жана Кытай 2 тоннанын тегерегинде алтын алышкан.
Маалыматта июнь айынын ичинде өз запасындагы алтынын саткан бир гана өлкө болгондугу, ал Сингапур мамлекети экендиги айтылат. Сингапур 6 тонна алтынын саткан.