"Эркин-Тоо"

Өзбекстан Кыргызстанга газ баллондорду жөнөттү

Өзбекстан жөнөткөн гуманитардык жардам Кыргызстанга келди.

Ыкчам штабдан билдиришкендей, коңшу өлкөдөн 9 ИСУЗУ жүк ташуучу унаасы менен 1000 газ баллон «Бек-Абад» бекети аркылуу Жалал-Абад шаарына кирди.

Учурда жүк «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кампасына жыйналып, ал жерден Бишкекке жөнөтүлөт.

Жүктү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директорунун капиталдык курулуш иштери боюнча орун басары Дамир Токтогулов кабыл алды.